Кирүү

Асан Жакшылыков. Байказы

Кеч кирип, акырындап каш карайып
жаш жигит алоолонтот арча жагып.
Карылар кыркар тартып төрдө олтурат
качанкы жер куюлда кептен салып.

Ийилип элпек бала ичке талдай,
идиштен эл бошоткон көзүн албай
унчукпай көпчүлүккө кымыз сунат
уюткан сөз күчүнө кулак канбай.

Байказы төрдө олтурган ушул чакта,
айтылган сөзгө маани бербей анча,
комуздан көзү өтөт! Тиктей берип
илинип турган жогор жабыкбашта.

Меймандын оюн туюп Ороз кары,
ордунан өйдө турду комузду алып
жарыктык салмак менен чертип көрүп
жигитке сунду беттеп тике багып.

Комузду шашпай толгоп, отту карап
ойлонуп сырын айтпай кылды тарап,
анан ал күүдөн күүгө өтө берди
токтолбой, тыным билбей, жанын сабап

унутуп Кара Молдо бир жан жоктой,
көзүнүн кычыгына тамчы токтоп,
кыргыздын болгон күүсүн чертүүчүдөй
кыялдуу көзү жайнайт ышкы козгоп.

Баланын ыргагына кулак түрүп,
Байказы балкып барат көөнү жибип.
Комузчу калган эмес ал укпаган
бу чунак башка буудан, башка күлүк!

Комуздун тыңшап турса–доошу башка,
мындайды уккан эмес мурда, башта.
Дүүлүгүп дене бою ысып чыкты
сызылып толуп чыкты көзү жашка.

Угулду кандан бүткөн тааныш кайрык,
козгоду жан дүйнөсүн–бүлүк салып.
Күүдөгү табылгага кулак төшөп
тагдырга турду дагы айраң калып,

пенде да! Суроо берди беттеп туруп:
"Балам бу күүң кимдики?" Жаш куюлуп
"Байгазы!" деп айтканда, эс–мас болуп
байкуш чал жашып кетти жообун угуп.

Ооба, бул анын күүсү–"Сынган Бугу"
атайы келген элден каңшаар угуп.
Эми ал өзү тыңшап, өзү ынанып
ийилди комузчуга кулдук уруп.

"Байказы кайра туулду, эми өлбөйт!
Байказы ажалга эми моюн бербейт!"
деди да, жигитке өмүр тилеп турду
меймандын сыры ачылып үйдөгү элге.

Ой-пикирлер