МИДИН АЛЫБАЕВ. АЙТЧЫ ЖАНЫМ
Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?
Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн,
Кайырчыдай каранамын жалдырап,
Алтын айтчы, качан сенден түңүлөм?..
Бүт ээледиң жүрөгүмдү бийледиң,
Тамтаңдаттың такыр колго тийбедиң.
Анда-санда жылмайгансып коесуң,
Же шылдыңың, же чындыгың билбедим...
- Тоголок Молдо. Кемчонтой (поэма)
- Жоомарт Бөкөнбаев. Кыргыздын ала - тоосу
- Жоомарт Бөкөнбаев. Ала - тоонун аскасынан ашалы
- Асан Жакшылыков. Эңсеткен жаз
- Акбар Рыскулов. Биринчи торкашка
Ой-пикирлер