Кирүү

Анатай Өмүрканов. Жардам

Жардам сурап
жалдыраба
эч убакта
күнүң өтпөй калса да.
Жалдыраба,
жалдыраба!
Андан көрө
намысыңды
түйүп алып муштумдай,
үмүтүңдү жарык кылып
уч тынбай...

Сен–Адамсың!
Ошондуктан
өзүңө-өзүң жардамсың"!
Өзүң үчүн,
бир курсактын камы үчүн,
элден өйдө жашаш үчүн
жанга уруп жаныңды;
эчкини эже,
теке көрсөң жезде деп–
байкуш болуп
үлдүрөп–
берип колдо
барыңды
жардам күтпө!
Жардам күтүп
жагалданып
тайкең эмес, жээниң эмес
машаякка жүгүнбө,–
андан көрө эмгегиңди,
көктүгүңдү–
жолдош кылып
тырышып,
сууга тийген чылбыр окшоп чыйралып
кош колуңду канат кылып
миң бир эки кыйналып
өз киндигиң өзүң кесип
бороондордон
өсүп чык!
Көзкор болуп,
жалган атак, даңк үчүн
жаның сатпа далбастап,–
антип алган ордендериң
күздө түшкөн жалбырактай
түшөт бир күн шыңгырап...
андан көрө
каниет деп
маңдай терге
миң кылымдык эмендей
өс бакжайып
барга-жокко
кебелбей,
бийиктей да, тереңдей...
Суусап турган чөптү сугар,
жүрөгүңдөн ырда ыр.
Жардам күтпөй
ким бирөөгө
жүрөгүңдөн
жарым күлкү
жардам кыл!

Ой-пикирлер