Кирүү

Асан Жакшылыков. Токтомамбет

Комузга кылды тагып ким чертпеген?
Дүйнөгө ким келбеген, ким кетпеген?
Бирок да миңдин бири–жүрөгү эрип
бийикке туруп калат кол жетпеген.

Балалык. Баскан жолу жерде калган,
бардыгы даңазалуу–элде калган.
Бу бала төрөлгөндөн күүнү тыңшап
бу бала эс тарткандан комуз чалган.

Баары чын, атасы Ороз турмуш менен
комузду катар күүлөп чертем деген.
Андыктан комуз ага тагдыр болбой
андыктан комуз анча сыр бербеген.

Айылга барды–келди комуз чертип,
ар кандай тилегине жетпей–жетип,
бул адам эл эсинде калмак эмес
бар өмүр жок сыяктуу өтүп кетип.

Ал эми Токтомамбет токтоо бала,
комуздан кызык нерсе жоктой ага,
бир гана комуз күүсү–ойдо санаа,
кезигип Муратаалы, Бурулчага.

Суу куйса чайпалбаган таптуу жорго,
элестейт ал комузун алса колго.
Таланты өмүрүнө бийлик кылып
тагдыры алып чыккан аны жолго.

Ой-пикирлер