Кирүү

Анатай Өмүрканов. Сени көрбөй калганыма

Сени көрбөй калганыма
бир күн болду.
Дагы-дагы күндөр учат,
тоголонот,
андан кийин
бир ай болот,
бир жыл болот.
Күзгү уядай бош жүрөктү
күндө күчөп
зилге айланган
сагыныч оёт.

Сени көрбөй калганыма
бир күн болду.
Бир кылымдай
бир күн болду,
болдум оору–
эч убакта эч качан айыкпастай,
күйүттүн чыккан арсыз
каткырыктай,
калган каттай
адресин таба албай,
жапа жалгыз
ай талаада жаткан таштай...
Өзүмө-өзүм ишенгенден–
үч уктасам түшүмө кирген эмес
өзүңдү көрбөйм деген
сенсиз күнүм өтпөйт дегем,
бирок дагы өтөт экен
өттү бир күн
өтөт дагы–
кулагынан
кулаган
суу сыңары
аздай берет
махабаттын соккон каны...

Сени көрбөй калганыма
бир күн болду.
Мүмкүн дагы
бир жыл болор,
мүмкүн дагы
миң жыл болор,
өлбөчүдөй көрүнгөн
өмүр соолор,
эки жерде мүрзөбүз
жексен болор...

Бирок мен ишенбеймин–
Өзүм билип турсам дагы
ишенбеймин
сени такыр көрбөй-билбей
каларыма
Мен жашоонун көзү болуп,
тиктеп турам сени дайым!
Тиктеп турам сени дайым!
жердин жети кабатында
жексен болуп
күлботого айланбайын...
Тиктеп турам сени дайым!

Сени көрбөй калганыма
Мына бүгүн
бир күн болду...

Ой-пикирлер