Кирүү

Асан Жакшылыков. Соңку сөз

Сагымбай, Кара Молдо, Атай, Муса
аттарын атап өтсөң–жүрөк куса...
Тирүүбү? Көзү өткөнбү? Айра албайсың
жаамы журт ээлик болгон байлык турса.

Тоо суусу өз дабышын сактап агат.
Тереңдик тайыздыктан нечен кабат.
Тоолуктун дилин тунук чагылдырган
таланттар элге жетет, элин табат!

Мезгилдин сүзүп сүрдүү океанын,
өсө бер, өркүндөй бер Кыргызстаным!
Тууруңдан учкан кушуң–намыс коргоп
байгеден чыгып берген тулпарларың

туу болоор, тамыр болоор, канат болоор!
Эл дили далай чөгүп, далай толоор.
Ким калкка кызмат кылды? Ким пайдакеч?
Ар кимди өз ордуна коюп коёр.

Кар кетип тоо башында мөңгү калат,
калк өзү керектүүсүн иргеп алат,
андыктан көзү өтсө да Молдокемдин
артында кыркар тарткан көчү барат.

Ой-пикирлер