Жусуп Баласагын. Акындарга карата мамиле
Акындар бар кызматы алардын сөз,
Адамды мактайт, сөгөт тартынбай эч.
Алардын тили кылыч-миздүү өткүр,
Алардын ою ичке, чачтай жиптир.
Уккуң келсе учкул сөз, ойду көркөм,
Булардын сөзүн угуп, көңүл бөлсөң.
Алардын акыл-ою деңиз сымал,
Сөз бермети, гаухары өнүп чыгар.
Мактаса алар кимди- алат атак,
Жамандаса кимди алар- уят, азап.
Достошуп алар менин жакындагын,
Тилине илинбегин акындардын!
Мактоого татыйм десең, акылманым,
Алар менен сыйлуу бол, өзүң дайым!
Сурайбы- аябастан көрсөт сыйды,
Сактап кал уулуу сөздөн сыймыгыңды!
- Уламышка айланган акылман чечендер Асан кайгы
- Рамис Рыскулов. Таасиримди туюшат
- Токтосун Самудинов. Сакалы кана
- Сүйүнбай Эралиев. Ооруканада
- Рамис Рыскулов. Сергектик
Ой-пикирлер