Рамис Рыскулов. Сергектик
Таң эртеңки сергектик турат себилип,
Мапмайда жаан тыбырчылайт акырын,
Жубанам мен, ынанамын кимгедир.
Алыста көгүлтүр мунар кылаят.
Салкын тунуктук жирейт мени.
Тилсиздикте телмирет жашыл арча.
Күбөсү ким ушул кезимдин?
Деп ойлонкурайм далайга.
- Молдо кылыч шамыркан уулу. бүркүттүн тою
- Темиркул Үмөталиев. Госпиталда
- Жолон Мамытов. Кумар ыры
- "Семетей" эпосунан үзүндүлөр Семетейдин сары тазга жолугушу
- Тоголок Молдо. Дыйкандын аялынын кошогу
Ой-пикирлер