Рамис Рыскулов. Таасиримди туюшат
Ысык-Көлдөй терең болдум
Чөгүп ойго,
Ала-Тоодой бийик болдум
Чыгып тоого.
Үн чыгарсам капчыгайда
Кайта баштап
Жаңырыктар алда кайда
Кайталанат.
Атым мага башын бурган,
Карышкырлар тиги кырдан
Жытым туйган.
Таасиримди беремин
Алыстарга.
Түшүп келем бул турмушта
Жарыштарга.
- Молдо кылыч шамыркан уулу. "зар заман"
- Шайлообек Дүйшеев. Кеч
- Уламышка айланган акылман чечендер Асан кайгы
- Бир алла
- Абзий Кадыров. Кадыбай менен Адыбай
Ой-пикирлер