Кирүү

Жолоочу Рысбаев. Пил

Көрсөтөйүн дедиби,
Ким экенин кимдин,
Ачуусу келип Пилдин.
Астына чогултуп,
Айбанаттын баарын.
Азыр үйлөп жиберчүдөй,
Арыстанга агытып каарын.
Айтор, эмне дебеди,
Аягын барып итке теңеди.
Арыстакем анда,
Моюн жүнүн силкип
Момурайып сүйлөбөспү минтип:
–Абдан туура таптыңыз,
Артыла берсин бактыңыз.
Ит экеним чын.
Иш үстүндө айтканыңыз
Ич жылытаар сын.
Отургандар ойлоно түшүп биртике,
Оюн, чындан сурашты:
Баркыңыз менен ушул,
Бат эле теңелип каласызбы итке?
Анда жооп берет Арыстакең:
–Ошо дагы кеп бекен.
Билесиңер,
Биздин Пилдин мүнөзү азоо.
Айтышам деп,
Алыстап калсам токойдон,
Анда кантет жашоо?..


Жогоркудай окуя,
Жолуккан менен чанда.
Жанына келсе күч,
Кошоматты,
Жасап коет тура Арыстан да.

Ой-пикирлер