Кирүү

Молдо кылыч шамыркан уулу. бүркүттүн тою

Мурунку өткөн заманда,
Жан-жаныбар аманда.
Ар уруктун баарысы
Эрки менен болгондо.
Алсыздарын алдырып,
Эси чыгып ошондо
Булбул чечен ой кылды,
Бүркүт баатыр той кылды.
Ал жеткенин алдырып,
Канаттуунун баарына
Катуу бүлук салдырып.
Жагалмайды жиберди
Жалпы куштун баарына,
Барьш кабар сал деди.
Үкү куштун жакшысы,
Бабырган куштун бакшысы –
Баары келсин деп айтты.
Бүркүт баатыр улугу,
Карчыга куштун камбылы,
Кошо келсин деп айтты,
Ылаачындай алгыры,
Ителгидей илгири,
Бу да келсин деп айтты.
Кыргый келсин кыпылдап,
Турумтай келсин шыпылдап,
Куркулдаган кузгуну,
Карышкырдын жолдошу,
Бу да келсин деп айтты.
Мен үчүн жаның кый деди,
Кара куштун баарына
Кабар салып, жый деди.
Тоо башьгада жоруну,
Ак кажырдай зоруну,
Тазкарадай далбакты,
Илек-илек калдакты,
Куйругу узун салпакты.
Ала карга, чаркарга,
Чөкөтаан, сагызган –
Баары келсин деп айтты.
Аксары менен кулаалы
Бул да келсин деп айтты.
Кайраты жок кубаары
Күйкө бийчи келсин де,
Аңыздан чычкан терсин де,
Алыстан келген мейманга
Жемиш кылып берсин де.
Боз чымчыктын баарысын
Борбаш баатыр жыйсын де.
Чабиекей керектүү,
Чакырып кел деп айтты
Күкүк менен зейнеити.
Баатыр бүркүт улугу
Ойлоп туруп кеп айтты:
Баары келсин агайын,
Кеңешемин деп айтты,
Жалпы жайык эп келсе,
Той кыламын деп айтты.
Кеңешип жооп бер деди,
Ынтымакка кирбеген
Сонунду менден көр деди.
Ынтымактуу болсоңор
Тоо башында уларды,
Көл боюнда кууларды,
Кекилик менен чилдерди,
Өрдөк, чүрөк, каздарды,
Аңтарып баарын жыйып кел,–
Бирин койбой жаздырды.
Баатырдыкы макул деп,
Баары айткан акыл деп,
Айтканынын баарысын
Азыр жыйып келели.
Баатыр бүркүт балбаны,
Кырдын кызыл түлкүсүн
Кымтый кармап олтуруп,
Чеңгелин сере толтуруп,
Адырдан аркар алдырып,
Кобуттан кулжа эңдирип,

Арыштарын арбайтып,
Чакмак атьш көкөлөп,
Эңиштен элик бөктөрүп,
Эрдигине салдырып,
Кулжа менен текени
Кууп келип кекеди.
Айбатын жандан ашырып,
Аркыраган бөрүнү
Текөөрүнө бастырып.
Айдап келип жумушка
Салып койду кажрды.
Журт аңдыган көк жору,
Канын төккөн таз кара,
Туу көтөргөн турна,
Байбичеси каркыра.
Жасоол кылган башынан
Жагалмайдай учкулду.
Эт кайтартып коюптур,
Этке жерик кузгунду.
Азанчы кылды тоокту
Аз гана карап байкачы
Тамаша менен зоокту.
Таштан мечит курдуруп,
Суудан даарат алдырып,
Жайнамазын жайдырьш,
Ыймам кылды торгойду,
Башына селде чалдырып.
Кашкулакты коңуз тер деди,
Алыстан келген мейманга
Союш үчүн бер деди.
Дасып калган кургур деп,
Бөрүнү кой сой деди.
Бооруңду мыжыган
Мурункуңду кой деди,
Алып келип аюуну,
Кемегени каз деди,
Маймылды казан ас деди,
Илек-илек, чулдукту
Ичеги-карын жуу деди.
Жонго чаап жоруну
Эт жедирбей, куу деди.
Жумуш жөнүн билбеген
Тазгаранын башына
Сорпону жаба куй деди.
Кара боор, булдурук
Калың соно, куу, өрдөк,
Какылдаган кашкалдак,
Безилдеген безбелдек,
Суу бойлогон ак чардак,
Кирпичечен түн жойлок —
Ушулардын баарысын
Аңыз менен алдырды.
Чечен болду булбулу,
Торгой болду молдосу,
Кекилик ашкан жоргосу,
Үпүп болду жолдошу.
Эшен болду күкүгү,
Сопу болду үкүсү,
Күйкө болду бийчиси,
Жөргөмүш болду дарчысы,
Оюнчу кылды мышыкты.
Оңдоп койду кыйшыкты.
Комуз берди колуна
Чегирткеге черттирип,
Сагызганды сайратты
Жөө жомогун айттырып.
Күкүккө чоор тарттырып,
Кычы кара карганы
Үйгө түшпөй, кайт деди.
Тазгараны, жоруну
Күрөш салып бер деди.
Суур берем байгеге,
Жемиң айрып бөл деди.
Билектерин түрүшүп,
Өөдө-төмөн сүрүшүп,
Канаттары бүрүшүп,
Карпый кармап бир-бирин,
Канат жүнүн жулушуп.
Чеңгелдешип, тартышып,
Бири-бирин алалбай,
Байгесине жеталбай,
Эч-эчтеме тийген жок.
Бөрүдөн калган тарптарды
Кажырдан бийсиз алган жок,
Ушакчысы таранчы
Биринен да жаңжал жок,
Салтанатын карачы:
Токойдон алды коенду,
Кайран учкул оенду.
Куу канатын жаптырып
Байге бөлүп сайдырып,
Чогулушкан бийлери
Байге бөлгөн жерлери:
Баш байгеси куу болду.
Бирден соңго сайыптыр
Койдой болгон тоодакты.
Баш байгеси аз болду,
Үчүнчүсү каз болду.
Төртүнчүсү — уларды,
Бешинчиге сайыптыр
Кекилик, чил — чубарды,
Алтынчыга — өрдөктү,
Жетинчиге — бөдөнө,
Сегизинчи боз чымчык,
Тогузунчу байгеси
Келести байлап коюптур.
Онунчу сайган байгеси
Майда чычкан болуптур.
Ат айдады баарысы
Чоң жол менен чубатып.
Тентектик кылган балдарды
Чоң кол менен кууратып.
Жолдон чыккан балдарды
Сабап жүрөт сулатып.
Ак кулаалы салпаңдап,
Эл чакырчы болду дейт.
Ачамай куйрук кардыгач
Ат айдоочу болду дейт.
Сүрөөнчү жолдон тосуптур,
Кайра тарткан жеринен
Карчыга кыраан озуптур.
Шуулдатып канатын —
Бирден кийин ылаачын,
Жеген жеми күчч болуп
Чүйлү келди үч болуп
Күйүп жанып өрт болуп
Тынар келет төрт болуп.
Анда-санда баркылдап,
Ителги келет беш болуп.
Шамдагай болуп учкансып,
Кыргый келет артынан.
Ооп кетип этинен,
Турумтай келет жетиден.
Табы келбей сегизден.
Жагалмай келет сегизден.

Жеген жеми коңуздан
Кулаалы келет тогуздан.
Канжыгадан көтөрүп,
Кара сандан бөктөрүп,
Куюшкандан алышьш,
Күйкөдөн араң өткөрүп,
Башы койдой экен деп,
Байлап алды келести.
Ону-беши биригип
Айдап алды келести.
Өзүмдүн атым чыкты деп,
Өңөрүп алды келести.
Коңун жакшы оелу,
Тулуп кылып соелу.
Чөп чаларга тиши жок,
Эчтемеден иши жок
Чегиртке салгыч кылалы.
Капталынан оёлу,
Кайыш кылып алалы.
Он болду күйкө адашып,
Онунчу — чычкан байгесин
Кулаалыдан талашып.
Байге менен эл журттун,
Талашканын карашып.
Кулаалы, күйкө ой деди,
Талашканың кой деди.
Жер үсүнндө чычкан көп
Жетээр, алып той деди,
Ошол жерден баатырлар
Олжосун бөлүп алышты.
Торгойго куран окутуп,
Бата кылып калышты.
Жай-жайына кетишип,
Бет алдынан тарашты.

Ой-пикирлер