Кыргыз жамгыры
Башталсаң үйдөн чыгамын,
Бар үнүңдү угамын.
Басылганча алдында,
Балык болуп турамын.
Шыбырыңа жөлөнүп,
Шыбырыңа төңөлип.
Эргийт толкуп жүрөгүм,
Элегине эленип.
Үшүбөйт денем бир дагы,
Үлгүдөй сезем бир жагы.
Үлбүрөп турган короомдо,
Үлгүлүү өсөт гүл жаны.
Ар бир тамчың жыргатат,
Арасында сыр жатат.
Ашык кылган артисти,
Аппак болуп ыр жатат.
Суу болгон сайын шүмтүрөп,
Сулуу жанган өң тиреп.
Тутумунда жамгырдын,
Турган жоктур менчилеп.
Улай бер жамгыр жолуңду,
Утуру кармайм колунду.
Жамгырдан гана көрөмүн,
Жан жыргаткан сонунду.
Баратам дале суу болуп,
Бардык денем буу болуп.
Баратып күзгү карасам,
Баратам Кызыл туу болуп.
Ыракат алып жамгырдан,
Ынанат боюм албырган.
Сүйүнөм табиятыма,
Сүйүүнү сага бар кылган.
Жамгырга сүйүүм машталган,
Жалгыздыкка баштангам.
Жаныма туруп эркелейт,
Жаркылдаган баш тамгаң.
Токуш Чолпонбаев
- Анатай Өмүрканов. Куруучу
- Рамис Рыскулов. Таасиримди туюшат
- Урааным сенсиң – Кыргызстан, Ырымдын обону сен – Кыргызстан
- Анатай Өмүрканов. "Бар бол" ырлар жыйнагынан жүрөк сөзү
- Табылды Муканов. Реквием