Кирүү

Женижок менен эсенамандын айтышы

Таласта төрт дубан эл чакырылган чоң той болот, тойдун ээси – Ташкара болуш. Ушул жерде, бир аз чегинүү жасоого туура келип атыры. Анда тестиер Өтө – Жеңижок ушул Ташкаранын жакын тууганы, ата-энесинен эрте ажырап, томолой жетим калып, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп жүрүп калат. Күз айынын бир күнүндө Ташкара чакан той берет. Кара курсактын камын жеп, тестиер Өтө да кемегенин жанында от жаккандарга аралашып жүргөнүн Ташкара байкап, бир жигитин чакырып: "Тээтиги, Өтөнү, эмне кемегенин жанына жолотосуңар? "Ала" менен ооруп кетиптир го! Оорусу элге жугат, бир көк жетим менен таластык көбөйбөйт да азайбайт, алып барып, мойнуна таш байлап, Кара-Бууранын суусуна салып ийгиле! Жообун мен берем!" – дейт. Эки жигит тестиер Өтөнү Кара-Бууранын жээгине алып келип, эми "жайлаганы" калышканда Өтө: "Жанымды аман койгула, акелер, Аксыдагы таякелериме качып кетейин" – деп жалынып жиберет. Эки жигит макул болуп: "Экинчи көзгө көрүнбөгүн!" – деп, Аксыга барчу жолду көрсөтүп, качырып ийип: "Кара-Бууранын суусуна сальш жибердик! деп Ташкарага жооп берип коюшат. Ташкара ишенип, ошол бойдон унутуп да калат.
Арадан жылдар өтүп, Жеңижоктун ырчылык атагы Таласка да угула баштайт. Ошентип, жогоруда айтылган, боло турган чоң тойго, Ташкара камынып, төрт дубан элге тойго чакырык кат жиберип, чабарман – кабарчыларды чаптырат. Аксыдан болсо Аксынын белгилүү манаптарын, бийлерин: "Сулайманкул датканы, Осмонбек, Бекмурат болуштарды, Баялы, Осмон, Субан бийлерди, Алишер казыны айтып, анан Жеңижок деген ырчыңарды ала келгиле!" дейт экен. Белгиленген күнү Аксыдан Таласка жогорудагы аты аталган адамдарга кошо далысы жерге тийбеген балбандар, эр сайышка түшчүлөр, эр эңишчилер, дубан жарган күлүк, жорголору менен жөнөшөт. Ашуу ашып, Ташкара болуштун айылына жакын калганда Сулайманкул датка: "Жеңижок балам, туулган жериңе, тууган элиңе келдиң! Ырыңды башта!" – дейт. Ошондо Жеңижок ырын баштайт экен:

Айтпай кантип коёюн,
Туулган жерим Таласты.
Бадышанын улугу,
Атабыз айкөл Кыргыздын кымбат жери бу.
Айдың-Көл, Беш-Таш, Ор-Казган.
Табылгыты көлү, бу.
Кушчу, Саруу, көп кытай,
Жайлап көнгөн жери бу.
Үч Кошой, Ак Таш келишкен,
Жайкысын жайлаар төрү бу.
Агын суусу көк кашка,
Атпай жерден бир башка.
Көк ирим суусу бир башка,
Көп эле жерден бир башка.
Ою бүткөн бетеге,
Оттосо малы жетеби.
Кагылайын Таласым,
Оюмдан чыны кетеби?

Кыры кызыл бетеге,
Кызыккан малы жетеби.
Атабыз Манас жүргөн жер,
Кызыгы эстен кетеби?

Ак тереги шаңданган,
Ар кайыбы камданган.
Кайыңдары шаңданган,
Кайберени камданган.
Шаа тереги гүлдөген,
Шагында булбул үндөгөн.
Ор коену ойногон.

Кабыланы камышта,
Калтары кумда сойлогон
Кызыл чаар жолборсу,
Качырганын койбогон

Этегинен белүнгөн.
Элигинин кулагы,
Эрменинен көрүнгөн.
Кыргоолдун корозу,
Тагынгандай мойнуна,
Кызылдан бермет шуруну
Камыш ичин жайлаган,
Кышын-жайын туругу.
Кылтак коюп кыргандан,
Калбай барат уругу.
Кекилиги сайраган,
Керүүдө гүлү жайнаган.
Кирген суусу кем эмес,
Күркүрөгөн дайрадан.
Күкүктөрү таңшыган,
Гүлү кооз аңкыган.
Кышында суук тийбеген,
Жайында салкын күйбөгөн.
Кырында марал оттогон,
Курбуда теке токтогон,
Оюнда бугу оттогон,
Ой, кырда кийик токтогон.
Жаныбар, булагын ичсең – бал татыйт.
Алты миң түркүн гүлүнөн,
Адамдын көөнүн көтөрүп,
Атырдын нагыз жыты аңкыйт.
Аяк-башы керилген,
Таластын кеңдигинен көз кайкыйт!...
Жети атам өткөн жер эле,
Жердеген кыргыз эли эле
Жетим калып жашымдан,
Кысымынан манаптын,
Таштап кеткен болучум.
Карагаттай көзүмдө,
Жаштап кеткен болучум.
Болотойду ээрчитип,
Карындашым Каракыз,
Баштап кеткен болучум.

Катар ашуу белдерди,
Ашып кеткен болучум.
Өз жеримден аргасыз,
Качып кеткен болучум.

Кагылайын, кең Талас,
Туулган жерим – сен элең,
Туу кылып, сени чоңойгон,
Тутунган жетим – мен элем!
Туурунан адашкан,
Туугандан тузум кем белем!..

Эми, баштап келдим элиме,
Туулуп-өскөн жериме,
Таяке, журт-тагамды.
Дүйнөнү түрө кыдырсам,
Дүйнөдөн сендей табамбы?
Тагдырдын жолу болбосо,
Туугандан качып барамбы?
Кагылайын, тууган эл.
Караңды көрүп турамын,
Кабыл алгын, саламды!
Калкынан кеткен бөлүнүп,
Таанып ал, Жеңижок – Өтө балаңды?!.

Киндигимди кескен жер,
Кичинемде өскөн жер.
Ай менен Күндү көргөн жер,
Айланып көңүл бөлгөн жер.
Тай, кунанды минген жер,
Талашып, ойноп күлгөн жер.
Торпокту кармап минген жер,
Тойпоңдоп ойноп күлгөн жер,
Жериме келип турамын!..

Жеңижоктун ырынын кызыгы менен убакыттын кандай өткөнү билинбей, Ташкара болуштун айылына кирип келишет. Жеңижок аттан түшпөй дагы чай кайнамдай ыр төгөт экен!
Ташкара өзү Жеңижокту аттан колтуктап түшүрүп, коноктор менен бирге ак өргөөгө кийирип, даткалар менен амандашып, жөн-жай сурашып, болгондон кийин, Жеңижокко карап: "Бу, сен, өзүң аксылык Жеңижок болсоң, анан "элиме келдим, жериме келдим" деп ырдаганыңдын жөнү кандай, айтчы? – дейт. Жеңижок: "Мен өзүм ушул таластыкмын, Сиздин тууганыңыз Көкө абаңыздын Өтө деген уулу боломун. Илгери ооруп калганымда Сиздин тоюңузда жүрсөм, бир жигит келип, "ооруң жугуштуу экен" деп, Аксыга качырып ийген болучу деп, нар жагын ачык айтпай, туюгунан жооп берет экен. Ошондо Ташкара болуштун башы шылк эте түшүп, "баягы жосунсуз буйругу эсине түшүп, ичинен бармагын тиштеп, өкүнүп, башын чайкап, бирок сыр бербей: "Эми, балам, Жеңижок, аз айып, көп күнөөм болсо кечирип кой! Мына, бүгүн той башталды. Азыртан баштап, сен ушул тойдун жарчысысың!"– деп астына аргымак ат тартып, үстүнө тон жаап, келген элге жар чакыртып жиберет экен! Жеңижок ырын дагы баштайт.
Ушул тапта коңшу ак өргөөдө атактуу жерлик акын Эсенаман менен казактан келген Майкөт акын сыйда олтурушкан экен, "Тойдун жарчылыгын биз ээлейбиз" дешип. Жеңижоктун тойго жарчы болуп, ырдап жүргөнүн уккан Эсенаман нааразы боло кейийт: "Бу Ташкаранын эмне кылганы – казактан чоң акын
Майкөттү, мени атайын тойго чакыртып, анан кайдагы тентип жүргөн Жецижокту тойго жарчы кылганы эмнеси?" – деп. Ушул сөз бир жигит аркылуу ырдап жаткан Жеңижокко жетет. Жеңижок ырын токтотуп, жарчылыкты суранбаганын, ага, Ташкаранын өзү дайындаганын айтып: "Мени Эсенамандар олтурган өргөөгө баштап бар, бул жарчылыктын башын ачып
алалы!" – деп, аттан түшүп, бирөөгө кармата коюп,
жигитти ээрчий Эсенамандар олтурган ак өргөөгө жөнөп
калат. Бирөө-жарымы айтканбы, же өзү байкап турганбы, айтор, Ташкара болуш Жеңижоктон мурун ак өргөөгө жетип, өргөөнүн эшигин өзү ачып, Жеңижокту биринчи кийирип, артынан өзү кирет экен. Жеңижок салам айтып, төр талаша Эсенаман менен Майкөттүн ортосунан орун алат. Айтыш болорун сезген эл
ак өргөөнү ороп калышат. Аксылыктар да өргөөнүн ичине жайланышат. Майкөт акын шектенгендей, Ташкара болушту карап: "Ой бай, Таскара, мынау балаң эсиктен кирип, өр таласты, өрдөн соң төр таласты сумдук кой, жайын айтшы?" – деп калат.
Ташкара: "Өзүңүздөр уккан Жеңижок иниңиз ушул!" - дейт. Анда Майкөт: "Баса, десең Жеңижок, карагым, сөзүң болсо такалмай сүйлөй отыр, шамаң жетсе Эсенаман экөмизди кабаты менен жөйлөй отыр" деп компоёт. Анда Жеңижок: "Жакшы болот, адамдын билгенинен билбегени көп, көргөнүнөн көрбөгөнү көп" деген алымча айтып көрөйүн, катасы болсо кечирип койгула, улуулук кылып деп, комузун күүлөп киргенде, бир кылы чырт үзүлүп кетет. Жан чөнтөгүнөн жаңы кыл алып, таккычакты араң олтурган Эсенаман акын: "Майкөттүн жемесинен кутулайын" деген ой менен өз тарабын көтөрө чалып, Жеңижок тарапты кордогондой ырдайт. Өзгөчө, Майкөттүн сыймыгын урматтап, Жеңижокту экинчи ооз ачып ырдагыс кылайын деп каптап кирет.

Эсенаман:
– Аманбы, балам, Жеңижок?
Абаңдын сенден кеми жок.
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтышарга теңи жок.
Айлымда ырчы көп жүрөт,
Балам, айтканынын эби жок!..
Эсенби, балам, Жеңижок?
Эсеңдин сенден кеми жок.
Эки жаактуу пендеден,
Эрегишер теңи жок.
Элимде ырчы көп жүрөт,
Балам, эки ооз кепке эби жок!..

Кандайсың, балам, Жеңижок,
Картаңдын сенден кеми жок,
Кара жаак пендеден,
Каяша кылар теңи жок.
Калкымда ырчы көп жүрөт,
Калжырай берген эби жок!..

Өзгө сөзгө токтобой,
Өзүмдөн кабар берейин.
Өкүнчүң болор, карагым,
Өзүң тапкын дебейин.

Жалпы сөзгө токтобой,
Жайымдан кабар берейин.
Таарынчың болор, карагым,
Таап алгын дебейин!

Үч-Кошой менен кең Талас,
Жерим ошол, Жеңижок.
Калың кытай уругу,
Элим ошол, Жеңижок.
Киндигим кесип бууган жер,
Киримди чайкап жууган жер.
Абалтан бери жай кылып,
Ата-бабам турган жер.

Улуулардан кеп уктум,
Уламалап көп уктум.
Ушул жерде туулган,
Сенин да уругуң кытай деп уктум!

Карылардан кеп уктум,
Кабарыңды көп уктум.
Калың кытай элинен,
Качып кеткен деп уктум!
Тегин таштап тентиреп,
Тентип кете берген дейт.
Уругу Сол, Каратал,
Ушул жердик элден дейт.

Беш уруу Солдон адашып,
Кайда бардың, Жеңижок?
Берими жок, жат өскөн,
Жайга бардың, Жеңижок.
Берекелүү эл болот,
Биздин байга баргын, Жеңижок!

Алты уруу Солду унутуп,
Кайда жүрдүң, Жеңижок?
Алымы жок, жат өскөн,
Жайда жүрдүң, Жеңижок.
Айдап тогуз мал берген,
Биздин байга жүргүн, Жеңижок.
Бул жерден кардың тойбосо,
Кайра баргын, Жеңижок?..

Убайым тартсаң алыңды,
Сурарың айтчы, Жеңижок?
Асирет, арман, арзыңды,
Угарың айтчы, Жеңижок?

Алты атаң Сол, Каратал,
Арбагын айтчы, Жеңижок?
Аксыга качып Таластан,
Барганың айтчы, Жеңижок?
Андагы тарткан көп кордук,
Тартканың айтчы, Жеңижок?

Аксылыкты билемин,
Ала көөдөк эл болот.
Баарысын байкап көргөмүн,
Марттыгы бизден кем болот!

Алты күнү ырдасаң,
Алеки чапан кийгизет,
А деген жерде биздин эл,
Аргымак тандап мингизет!

Жети күнү ырдасаң,
Желеки чапан кийгизет.
Жеткен жерде биздин эл,
Жээрдени тандап мингизет!

Айылга келип ырдасаң,
Алтының ашып карк болот.
Ат мингизип чыгармак,
Бизде абалтан берки нарк болот!

Эсенаман эскимин,
Эл куруткан кескимин.
Элдир-селдир ырчынын,
Элдешпей тилин кесчимин!..

Чоң ырчы менен айтышкам,
Чоң атасын тааныткам.
Көп ырчы менен айтышкам,
Көптө байге бербеген,
Көкжалдыгым тааныткам!..

Сайратсам кызыл тилим бар,
Салпайбай, балам, тилимди ал.
Санда жок сендей ырчыны,
Сандалтып кубар жөнүм бар!

Мындан мурун аныктап,
Көрдүң бекен, көзүмдү?
Уламалап, иликтеп,
Уктуң бекен, сөзүмдү?
Уга элек болсоң, карагым,
Убара кылып издетпей,
Учуратты кезиңди!..

Таасындап айтып мен сага,
Таанытайын өзүмдү.
Кереметим көрүп ал,
Келтирди, балам, кезиңди!..
Эсенаман эски атым,
Эл кыдырган кески атым.
Күкүктөй күндө күүлөнткөн,
Күндүр-түндүр сүйлөткөн,
Кош көмөкөй тил катым!

Акын болсоң жооп бер,
Айтам сөздүн кыйбатын.
Акындыгың жок болсо,
А да болсо зыйнатың!..

Үч-Кошой менен кең Талас,
Өз атаң жердеп өлгөн жер.
Өөктөп жатып чогулуп,
Өкүрүп тууган көмгөн жер.
Өзөнүн бойлоп башынан,
Өмүрүң өсүп, өнгөн жер.
Өзгө жерде өкүнбөй,
Өз элиңе көчүп кел!..

Чоң атаң жердеп өлгөн жер,
Чогулуп тууган көмгөн жер.
Чоочун жерде өкүнбөй,
Чоюлган журтка көчүп кел?

Калкың менен болбосоң,
Кайрат айтып не кылам.
Сөөлүм бар тилимде,
Сөздөн кантип жаңылам!..

Кабыл алсаң айтканды,
Кайта келгин Таласка.
Өлсөң ыйлап көмүүчү,
Өз элиңден адашпа.
Жалдырап барып көзүңдү,
Жат элдин көзүн каратпа!..

Бирөөнүн жери жер болбойт,
Бирөөнүн эли эл болбойт.
Туурасын айтсам, мен сага,
Туугандуу адам кем болбойт.

Башканын жери жер болбойт,
Башканын эли эл болбойт,
Артын ойлоп карагын,
Айылдуу адам кем болбойт.

Эсиңди жыйып, элиң тап,
Эзелки Талас жериң тап!
Акылың жыйып, эсиң тап,
Абалкы Талас жериң тап!..

Карап тургун, карагым,
Калыстык кептен сүйлөйлү.
Калкынан азып жүргөн бар,
Кайгырышып жүрбөйбү.
Калкыңа эми келбесең,
"Калкынан качкан акмак" деп,
Кайдигер тили тийбейби!
Кайрылып келсең кадырлап,
Балам, калдайган журтуң сүйбөйбү!.

Капилет жерден доо болсо,
Кара өзгөй, жалаа, доо болсо.
"Каңгырап жүргөн акмак" деп,
Катаалдын тили тийбейби.
Каралашар тууган жок,
Кармап минер буудан жок,
Кайгырып ичиң күйбөйбү.
Кайрылып элге кошулсаң,
Балам, каалап калкың сүйбөйбү!..

Теңдигиң айтар тууган жок,
Теминип минер буудан жок.
Телмирип ичиң күйбөйбү.
Тентибей элге кошулсаң,
Балам, теңтуштар сени сүйбөйбү!..

Өзүңө айтам, карагым,
Өрнөктүү сөздөн сүйлөйлү.
Өзгө жерден келген көп,
Өкүнүшүп жүрбөйбү.
Өзү башка калктан деп,
Сага бир өжөрдүн тили тийбейби.
Өбөк кылар тууган жок,
Өмөчтөп минер буудан жок,
Өрттөнүп ичиң күйбөйбү.
Өз элиңе кошулсаң,
Балам, өнтөлөп эли сүйбөйбү!..

Карысы жаштай жыргаган,
Жаштары жаагын жаный ырдаган.
Калың кытай биздин эл,
Кара башың маң кылбай,
Кайрылып балам, мында кел!..

Баргандардан кеп уктум,
Баарысын байкап мен уктум.
Бакылдаган көйрөң эл,
Сенин баркыңды билбейт деп уктум!.

Каттагандан кеп уктум,
Кабарыңды мен уктум
Кажылдаган калдас эл,
Сенин кадырың билбейт деп уктум!..

Өчүгүп калган жоо болсо,
Өзүңө жалаа, доо болсо,
Өмгөгүн салар жаныңда,
Жакшың жок дейт, Жеңижок!
Өзөгүңдү дарт чалса,
Өпкө чабар жаныңда,
Бакшың жок дейт, Жеңижок!..

Каршыгып калган жоо болсо,
Каймана жалган доо болсо,
Жакшың жок дейт, Жеңижок.
Кабыргаңды дарт чалса,
Кара болор жаныңда,
Бакшың жок дейт, Жеңижок!..

Жангарачтын Осмонбек,
Жакырыраак жакшы дейт.
Ажынын уулу Сулайман,
Алабарман бакшы дейт.
Бир мүнөзү кармаса,
Бой бербеген жинди дейт.
Антсе дагы башкарып,
Аксынын ичин билди дейт.

Алибектин беш торпок,
Айылдагы ашка орток
Торпокту бука сүзбөйбү!
Бактысыз болуп жат элде,
Башыңа кайгы түшпөйбү.

Туулган жерин таштаган,
Акылсыз көрдүм сендейди!.

Айсыз бир кара түн болсо,
Ала тополоң күн болсо,
Адашып өлсө мейли деп,
Артыңдан киши издейби?
Таарынбагын, Жеңижок,
Табалбассың биздейди!..

Алда кимден туулду деп,
Атасыз, тексиз, кулбу деп,
Ар ким айтып артыңдан,
Айың, ушак кеп кылат.
Азапка салып жаныңды,
Акыры сени жеп тынат!..

Аргымак элем арыдым,
Азамат элем карыдым.
Айыкпайт тийсе этиңе,
Ажыдаардын заарымын.
Анча-мынча жин тийсе,
Айыктырчу дарымын.
Калдайган калың журтума,
Касиеттүү карымын.
Кашыңда Майкөт пириңди,
Көзүңдү ачып тааныгын!..

Арка, Талас бай болот,
Жегени куйрук май болот.
Таласка келип ырдасаң,
Алтының ашып карк болот.
Ат мингизип чыгармак,
Бизде, абалтан берки салт болот.
Асили кедей Аксылык,
Ичкени куру чай болот!..

Жай мезгили бир кызык,
Жайнап жылдыз, Ай чыгат.
Кеңешип чукул, жарышса,
Тап берген жердеч тай чыгат
Тамандары кызыса,
Сары таман ат чыгат
Эл ичине келгенде,
Элирип сайрап олтурсам,
Эсекеңдин оозунан,
Эчен сабак кат чыгат!..

Какылдап ырдап олтурсам,
Калкы-журтум жактырат.
Карысам да жаш балам,
Каалап тонду жаптырат.
Алты ооз мактап, ырдасам,
Алдыма ат тарттырат.
Жетеси жок, Жеңижок,
Жете албайсың чапкылап!..

Таамай элдин ичинде,
Таптымбы, балам, эбиңди.
Кыйынсынган Жеңижок,
Карыган чалдан жеңилди!
Улуулар менен айтышып,
Угузба, балам, кебиңди.
Айтышар болсоң үн катып,
Азыр басам демиңди.
Чыйраксынган Жеңижок,
Чыгарам болгон желиңди!

Көпчүлүк элдин ичинде,
Күйүгүп, балам, асылба.
Курчтук кылып, басылба.
Өтө наалат кеп угуп,
Өспөй калба жашыңда

Таасын күлүк тулпарга,
Тай жетеби жакында!..

Кары да болсом кадырлайт,
Кушчу, Саруу талашып
Торгойдой сайрап олтурсам,
Топтолгон элге жарашып
Атымды уккан агайин,
Алдымдан тосуп каалашып
Жеңижок сендей акындар,
Жете албай калаг адашып!..

Таамай ырчы сен болсоң,
Таңшыт кызыл тилиңди.
Таластан келип жолуктуң,
Таанып ал, Майкөт пириңди!
Чындап туруп, Жеңижок,
Чыгарып көрчү үнүңдү!..

Кайрылып качан табасың,
Кадимки Талас конушту.
Токтолбостон, Жеңижок,
Толгоп көрчү, комузду.
Улуу-кичүү баарына,
Угузуп көр добушту.
Каяша кылбай тилимди ал,
Кашыңда Майкөт пириң бар,
Кайда качып барасың,
Каршы алдыңдан жолукту!..

Жигиттик жаштын кийни деп,
Жеңижок колго тийди деп.
Эсекеңдин айтканын,
Элдин баары сүидү деп.
Арттан ушак болбосун,
Ак жеринен күйдү деп.

Калың жыйын сөз кылсын,
Карыган Эсең алды деп
Бышыксынган баланы,
Бир сүйлөтпөй салды деп!
Толгой кармап капшыра,
Толорсуктан чалды деп
Жеткилең күлүк Эсеңе,
Жеңижок жетпей калды деп!

Арышын кере жүгүрүп,
Алдыңкы буту бүгүлүп,
Адырдуу жерден сүрүлүп,
Аргымак келди, жол бергин!
Атактуу Майкөт пириңе,
Айыпкер болбой кол бергин!..
Жеңижок:
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараткан эмеспи.
Эң биринчи дүйнөгө,
Нур жараткан эмеспи.
Суук кыштын булутун,
Сур жараткан эмеспи.
Эмгексизди энчиден,
Кур жараткан эмеспи!

Аалам жашап турсун деп,
Күн жараткан эмеспи.
Алмаштырып Күн менен,
Түн жараткан эмеспи.
Буруксуган атырдай,
Гүл жараткан эмеспи.
Булбулдарга шайырдык,
Үн жараткан эмеспи.
Көз кумарын кандырган,
Түр жараткан эмеспи.
Жети кабат бейишке,
Үр жараткан эмеспи.
Баатырларга ылайык,
Сүр жараткан эмеспи!
Бардык жанга насипти,
Бир жараткан эмеспи!

Алтын нурун төгүлтүп,
Ай жараткан эмеспи.
Жылдыздарын жайнатып,
Шай жараткан эмеспи.
Асман, Жердин арасын,
Кең жараткан эмеспи.
Адамзаттын баарысын,
Тең жараткан эмеспи,
Жайда салкын болсун деп,
Жел жараткан эмеспи.

Түркүн гүлүн жайнатып,
Бел жараткан эмеспи.
Жерден берип ырыскы,
Эл жараткан эмеспи.
Көл бойлотуп учуруп,
Куу жараткан эмеспи.
Чөл жашарып күлсүн деп,
Суу жараткан эмеспи.
Бирин дары, бирөөбүн,
Уу жараткан эмеспи!
Бирин момун, бирөөбүн,
Куу жараткан эмеспи!..

Өрдөк, чүрөк, каздарды,
Көлдө кылган эмеспи.
Өлгөндөрдүн баарысын,
Көрдө кылган эмеспи.
Кайберендей күлүктү,
Төрдө кылган эмеспи.
Курт-кумурска жайларын,
Чөлдө кылган эмеспи.
Берекенин баарысын,
Жерде кылган эмеспи.
Жер дүйнөнүн туткасын,
Элде кылган эмеспи.
Өмүрдү чак жаратып,
Пенде кылган эмеспи!

Жердин үстүн жайнатып,
Бак жараткан эмеспи.
Кээ бир жанды көбөйтпөй,
Так жараткан эмеспи.
Ар жанга ажал, өмүрдү,
Ак жараткан эмеспи.

Казак Майкөт пирим деп,
Жиндептирсиң, Эсеке.
Карыганча пириңди,
Билбептирсиң, Эсеке.

Ооздун көркү отуз тиш,
Тил жараткан, Эсеке.
Тил сүйлөтпөй айбанды,
Тим жараткан, Эсеке!..

Карыганча Майкөттү,
Мазар кылып кармапсың
Эл чогулган мечитке,
Эч бир басып барбапсың
Сапка туруп, башыңды,
Сеждеге түк салбапсың,
Тантып ырдап отуруп,
Шайтандарга кошулуп,
Ырас айтсам, Эсеке,
Ыйманыңды жалмапсың!

Эми, Эсеке, анык ук,
Айтканымдын баарын ук.

Алжып кетпей бекерге,
Кулагыңды салып ук!

Анык туулган башында,
Ата-энебиз Адамдан.
Ай, Ааламдын жүзүнө,
Адам өсүп таралган.
Күндүн алтын нурунун,
Күчү менен жаралган.
Албаптырсың эч кабар,
Адал менен арамдан!..

Эми, өрдөктөй учуп келейин,
Өзүмдөн кабар берейин.
Өзүңөр байкап көргүлө,
Өнөрүм ашса жеңейин.
Өнөрүм сенден кем болсо,
Өлөрман экен дебейин!..

Каздай учуп калкылдап,
Калкымдан кабар берейин.
Калыстык кылып көргүлө,
Кадырым ашса жеңейин,
Кадыры сөзүм кем болсо,
Карыган экен дебейин!..

Ата-бабам баарысы,
Таласта болгон уругу.
Уругум Солдон, Каратал,
Калың кытай уругу.

Жан болуп, жаңы жаралып,
Жаркырап шамым жанган жер.
Келгенимди белгилеп,
Киндик каным тамган жер.
Ата-энем күлүп кубанып,
Алдейлеп сүйүп алган жер.

Аксарбашыл кой союп,
Ак түлөөсүн чалган жер.
Баарысын, билем, эсимде,
Калдайган кытай биздин эл.
Аргасыздан мен кетип,
Алыс болуп калган жер.

Балалык кезде жүргөн жер,
Бар, жокту билбей каткырып.
Туугандан кетмек бөлүнүп,
Турмуштун тузу жат кылып.

Өмүрдүн жолу ар түрдүү,
Бурула берет турбайбы.
Ар нерсеге кезигип,
Уруна берет турбайбы.
Дүйнөдө жоктон бар болуп,
Туула берет турбайбы.
Кайрадан бардан жок болуп,
Кубула берет турбайбы.
Ар жерден буйруп, туз, насип,
Татыла берет турбайбы.
Аракет кылса ырыскы,
Чачыла берет турбайбы.

Атам өлүп жашымда,
Айламды таппай башында.
Арка болчу ага жок,
Айланып турчу кашымда!

Энем өлүп жашымда,
Эсимди таппай башында.
Эрмек кылар иним жок,
Имерилчү кашымда!
Урматташат баарысы,
Улуу, кичүү, карысы.

Жакасы болсоң манаттын,
Бүркүткө сени алдырар.
Кызыл түлкү экен деп,
Жака кылып салдырар,

Кийинчерээк эскирип,
Кылы сынар кырчылып.
Тыбыты түшөр тытылып.
Каларсың, чалым, калдырап,
Жаргак болуп жышылып!

Угуту болсоң бозонун,
Ородо сасып өнбөйбү,
Ары жок сендей куу чалдын,
Ажалы жетип өлбөйбү.
Алакан жайып дубага,
Агайын тууган келбейби.

Шибер угут өндүрөр,
Сокуга салып чакалап,
Сокбилек менен талкалап,
Көрбөгөндү көргөзөр.
Таруу шакка коштуруп,
Ботко кылып кайнатар.
Челекке куюп ачытып,
Бозокорго тандатар.
Калтадан сүзүп өткөрүп,
Калганын уйга чайнатар.
Өзгөрүп улам олтуруп,
Мурунку кейпи жок болуп.
Акырында сыгылып,
Алжыган, чалым, топ болуп.
Күрөң уй аймап бүтүрүп,
Көйрөң чал калар жок болуп!.

Бозокор болсоң бостойтуп,
Эки көзүң тостойтуп.
Токтотпой айдап өзүңдү,
Тозокко түртө салбайбы.

Чапчакка бозо калтырып,
Чаңкаса суусун кандырып.
Батага келген элдерге,
Балдарың бозо бербейби.
Бозо салып бербесе,
Булу ордуна келбесе,
Шааниси жок деп сендейди,
Шайтандар жаман көрбөйбү!..

Сабагы болсоң санаттын,
Өзүн-өзү күүлөйбү.
Омуроолоп орунсуз,
Обу жок сөздү сүйлөйбү?
Салабаттуу жакшы адам,
Салттуу сөзгө кирбейби!..

Чалгыны болсоң канаттын,
Чабыттарсың, учарсың.
Чамаң жетпей калганча,
Чар тарапка сызарсың.
Чамаң кетип бир кезде,
Чарчап акыр тынарсың.
Чалгының калар тытылып,
Чар каргалар чокуп жеп,
Чар тарапка жыларсың!..
Чарылдак чалым жоголуп,
Чатак болуп турарсың!..
Чигити болсоң гозонун,
Астына чоң таш жаткырып,
Үстүнөн дагы бастырып.
Баш-аягын бекитип,
Баскыч салып кысылтып.
Азабың берип колуңа,
Агызар майың сызылтып!..

Даараты болсоң молдонун,
Кумганга суу куюлар.
Колуна алып койкойтуп,
Кожо, молдо жуунар.
Карап көрсөң даарат суу,
Каякка барып буюрар?
Көп нерсенин жолу бар,
Карап көрсөң, Эсеке,
Кандайча мунун оңу бар?!.

Алтымыштан ашканда,
Арып калган экенсиң.
Акыл менен эсиңден,
Танып калган экенсиң.
Карууң кетип шылкылдап,
Карып калган экенсиң.
Азабы көп тозокко,
Барып калган экенсиң,
Жаратканды унутуп.

Жаныңдагы Майкөттү,
Мазар кылып, пир тутуп,
Жарып калган экенсиң!..

Таманы болсоң жоргонун,
Такыратып таш басар.
Туягыңды түгөтүп,
Таманыңдан аксатар.
Темтеңдеп баспай жүгүнтүп,
Теминсе көзүң жаш басар!..

Күлүгү болсоң жылкынын,
Күнүгө тойго минбейби.
Күкүгү болсоң ырчынын,
Күүлөнсө кыргый илбейби.
Күкүгү болом деп жүрүп,
Көптөн алдап жеп жүрүп,
Күнөөгө башың кирбейби?!..

Бууданы болсоң жылкынын,
Булкунтуп тойго минбейби.
Булбулу болсоң ырчынын,
Бурулуп кыргый илбейби.
Булбулу болом деп жүрүп,
Мындан-андан жеп жүрүп,
Бузуктукка кирбейби?!.

Торусу болсоң жылкынын,
Токмоктоп тойго минбейби!
Торгою болсоң ырчынын,
Тоо турумтай илбейби.
Торгою болом деп жүрүп,
Топтон алдап жеп жүрүп,
Тозокко башың кирбейби?!.

Асылы болсоң жылкынын,
Алкынтып тойго минбейби.
Акыны болсоң ырчынын,
Алжыган сөздү сүйлөйбү!
Акыны болом деп жүрүп,
Андан-мындан жеп жүрүп,
Азапка башың кирбейби!..

Жаак-чачың алдырбай,
Жүндүү болгон экенсиң.
Жаратканың унутуп,
Жинди болгон экенсиң.
Жабдык салып шайтанга,
Минги болгон экенсиң.
Жаннат турса, тозокко,
Кирги болгон экенсиң.

Желке чачың алдырбай,
Жүндүү болгон экенсиң.
Жыйылган топко каркылдап,
Үндүү болгон экенсиң!
Жетелеп Майкөт жүргүдөй,
Минги болгон экенсиң!

Баарын безип, жатыркап,
Пир болду Майкөт казагың.
Карыганча билбепсиң,
Ким экенин мазарың?
Анык, Майкөт пир болсоң,
Ашкан кыйын эр болсоң,
Карыганча казагым,
Канча киши жасадың?!..

Баатырсынып, Эсеке,
Байлыгыңа мактанбай.
Бүт баарынан безипсиң,
Бир Майкөттү тапканга!..
Баятан берки айтканың
Мааниси жок ыр болду.
Бүтүн качып баарынан,
Майкөт сага пир болду.
Айтканыңды аңдасам,
Аябаган чыр болду.
Жети атаңды унутуп,
Жолоочуну пир тутуп,
Сандырактап, Эсеке,
Сага кандай сыр болду?!..

Арышын кере жүгүрүп,
Алдыңкы буту бүгүлүп.
Адырлуу жерден сүрүлүп,
Аргымак келсе, жол бербейм!
Атактуу Майкөт пириңе,
Айыпкер болуп, кол бербейм!..

Күнчүлүк жерден жүгүрүп,
Күүлөнсө буту бүгүлүп,
Капталдуу жерден сүрүлүп,
Казанат келсе, жол бербейм!
Кашыңда Майкөт пириңе,
Күнөкөр болуп, кол бербейм?!.

Эргий-эргий жүгүрүп,
Эликтей буту бүгүлүп,
Эңиштүү жерден сүрүлүп,
Эсекең келсе, жол бербейм!
Эсилиң Майкөт пириңе,
Эңкейип барып, кол бербейм!..

Эскирип кеткен казагым,
Эзелки өткөн сөздөн чач.
Эшендигиң бар болсо,
Эсекеңдин көзүн ач!
Эшендигиң жок болсо,
Эшектей болбой нары кач?!.
Картайып кеткен казагым,
Кадимки өткөн сөздн чач.
Калпалыгың бар болсо,
Карыяңдын көзүн ач!
Калпалыгың жок болсо,
Качырдай болбой нары кач?!.

Адал эмгек – динибиз,
Ата-баба – пирибиз.
Көпчүлүктөн адашсак,
Кандай болот күнүбүз?
Тантырактап адашпай,
Таза жолго жүрүңүз!
Жол көрсөтүп отурган,
Жеңижок мен, иниңиз!
Эс-акылдан адашпай,
Элдин салтын билиңиз.
Билип алсаң – бир тууган,
Бирге болот түбүбүз.
Ала кетем Аксыга,
Ар кылбастан жүрүңүз?!..

Ойдогунун баарысын,
Орду менен кам кылган.
Эзелкиден калган иш,
Эл-журт үчүн жам кылган.
Карманарың пир болсо,
Каалаганың дин болсо,
Арстанбапта кожо бар,
Ажымат ата ошо бар,
Арманда калбай кошо бар?
Билип сөздү так айтып,
Пейилиңди агартып,
Пирим дебей Майкөттү,
Пикириңди оңдоп ал!..

Ай кыярып баркырап,
Баткан жайы кайда экен?
Ата-бабаң чогулуп,
Жаткан жайы кайда экен?
Азезилди таш менен,
Аткан жайы кайда экен?

Күн кыярып баркырап,
Баткан жайы кайда экен?
Күлдү пенде жыйылып,
Жаткан жайы кайда экен?
Күнөөлүүнү таш менен,
Аткан жайы кайда экен?..

Таңкы Сары жылдыздын,
Баткан жайы кайда экен?
Топ олуя биригип,
Жаткан жайы кайда экен?
Учсуз-түпсүз Ааламга,
Ырыс менен насипти,
Чачкан жайы кайда экен?
Айтчы, бейиш эшигин,
Ачкан жайы кайда экен?

Олуялар байыстап,
Турган жери кайда экен?
Азезилди таш менен,
Урган жайы кайда экен?

Кесирленип унуттуң,
Келер сездүн кезегин.
Жети атамды бүт билем,
Жерим Талас экенин.
Аксыга жүр мен менен,
Айыкканча кеселиң!

Талашы жок эч кимдин,
Талас туулган – Мекеним!
Болбосун десең маскара,
Бер уруксат, Ташкара!
Соолугуп келгин дартыңдан,
Сооп үчүн ала кетемин?!..
– деп Жеңижок ырдап бүтүп, оңдонуп отурат. Жүз баштуу ак өргөөнүн ичи толгон эл туурдуктарын каңтарып, туштан тыңшап турушкандар андан көп. Жеңижоктун ырдаганына калың эл таң калат. Майкөт адегенде элге карап: "Бали, балам, Жеңижок! Жумыры басты, кызыл тилди адамда сенден аскан акын болмас, ракмет!" – дейт да Эсенаманга кайрылып: "Мен сага кашан "Аулемин", Мазарыңмын", "пириңмин" деп айткан эдим?! Өзүң көтерип уруп жыгып, терт аягымды буып бердиң! Балаң бауздамастан тирилей теримди тескери сыйрып салды! Энди айтар не сөз калды? Ырахмет, балам Жеңижок, мен айтыспай ак жеңилдим!" — деген экен.

Ой-пикирлер