Кирүү

Токтосун Самудинов. Боёк

Помидорум эмне үчүн кыпкызыл,
Кимдир бирөө боек сүйкөп салган го?
Бадыраңым жашылынан өзгөрбөйт,
Боекчунун колу тийбей калган го.

Билдим, билдим, ал боекчу Күн экен,
Нуру менен бүт дүйнөнү боегон.
Канча нерсе кооздукка бөлөнгөн
Биздин эле кичинекей короодон...

Ой-пикирлер