Кирүү

Шырдак

Шырдак-кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюму. Бети эки бөлүктөн – ортосу (Орто шырдактагы орточо узундугу 2-2,5 м.) жана четинен (25-35 см.) турат да, кыюусу (6-10 см.), жээги (0,5-1,0 см.) болот. Адегенде шырдактын кийизи жасалат. Кийизи кылчыксыз жүндөн уютулат. Кылчык жүн боекту жакшы албайт.

Шырдак жасоо.Ак кийизден керектүү өлчөмдүү шырдактын бөлүктөрү бычылат. Ал түс айкалышына карай ар кыл түскө боелот. Боелгон эки бөлөк түстөгү кийиз өңүнөн биринин үстүнө бири коюлуп, көктөлүп, бетине оюм түшүрүлөт. Оюмдарга – ортосуна "кыял", "мүйүз", "жалпы", "табак", "бадам" сыяктуу чоң оймолор четине "кочкор мүйүз", "сыңар мүйүз" ж.б. кирет. Түшүрүлгөн оюм боюнча бычак менен кылдат кесилет. Оюлган кийиздер ажыратылып, бир түстүн оюму экинчисине дал келтирилип, кыналыштырып тигилет. Ал жерге оң, сол ийрилип чыйратылган үч кат түстүү үч жиптен, үстү бастырылма милте (жөрмөмө жип сыртына чыгарылбайт) жөрмөлөт. Ортоңку бөлүгү чети менен кыюу аркылуу бириктирилет. Четине да кыюу салынат. Алар, мисалы, ортоңку бычак учу, четки бычак ж.б. деп аталат. Бардыгы бүткөндө кара кийизден ичилиги ичтелип, шоона менен шырылат. Шоона үчүн көбүнчө төөнүн жүнү пайдаланылат. Четине милтеникиндей үч жиптен (мисалы эки четкиси көк, ортоңкусу кызыл ж.б.) жээк бастырылат.

Ой-пикирлер