Кирүү

Кездемелерди боеонун ыкмалары

Кездемелерди боеонун ыкмалары

Азыр кездемелерди боеодо химиялык боектор кеңири колдонулат. Муну менен жердикке түр берүү үчүн атайын жасалгаланган жайлар талап кылынат. Демек, сырьену боеонун ыкмаларын таасын жүргүзө ала турган фабрикалык шарттар болуу керек. Жөнөкөй эле үйдүн шартында химиялык татаал жол менен боеону иш жүзүнө ойдогудай ашырууга мүмкүн да эмес.Чеберлер өсүмдүктөрдүн жалбырагынан, кабыгынан жана

тамырынан ар кандай боектор даярдашкан.

Жүндү же кездемени сары өңгө келтирүүдө көбүнчө чычырканактын тамыры, тоо гүлдөрү пайдаланылат. Жердикти кызылга боегонго чалкандын тамыры, жашыл түскө анын сабагы жана жалбырагы керектелет. Ошондой эле чеберлер мала-кызыл, даана кызыл өңдөргө келтириш үчүн анардын кабыгын да пайдаланышат. Ал эми жүндү кара түскө келтириш үчүн жаңгак мөмөсүнүн кабыгы керектелет. Кызыл пияздын кабыгы менен ак жүндү саргыч кызыл жана күрөң кызыл түскө келтирип алууга болот.

Чеберлерибиз жүндү же жипти боегондон мурда аны кирин кетириш үчүн таптаза жууп алышат. Жүндү, жипти жана кездемени аппак кылууда атайын кир жуугуч каражаты же акиташты пайдаланышат. Акиташ жүндү же жибекти талаптагыдай агартуу менен бирге боектун ойдогудай болуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Боело турган жердикти муздак жана ысык суу менен бир нече жолу чайкап да алышат. Буюм боео да көркөм кол өнөрчүлүктүн элдик салтына кирет.

Ой-пикирлер