Кирүү

Бычмачылык жана тикмечилик

Бычмачылык жана тикмечилик

Бычмачылык жана тикмечиликте фасонду тандоодо ыңгайлуу, тыкан, адамдын жашына ылайык, мүчөсүнө жарашыктуу, ошондой эле модага ылайык болуусу эске алынат. Кийим ным болгондо формасы бузулбас үчүн кийим тигилүүчү кездеме бышырылат. Айрым кездеме (макмал, креп, чийбаркыт) бышырылбайт.

Үй шартында кийим бычуу жана тигүүгө төмөнкүлөр керек: сантиметрлүү тасма, кагаз, карандаш, сызгыч жана бурчтук, жумуру формалуу лекало, кайчы, төөнөгүч, материалга өңдөш жана көктөгөнгө түрдүү түстүү жиптер, атыр самындын жука алкындысы, бор, оймок, түрдүү номердеги ийне, туурасы 30-40, узуну 80-100 см картон. Кийимдин үлгүсүн кагазга (газета, балдар клеенкасын пайдаланса да болот) сызгыч, бурчтук жана лекалону колдонуп, түстүү карандаш менен түшүрүлөт. Үлгү кездемеге бор же самын алкындысы менен чийилет. Кездеме бычууга кадимки кайчы , ал эми аларды үтүктөөгө үтүк тактасы керек.

Кээ бир мода журналдарында үлгү чийилген барактар тиркелет. Үлгүлөрдүн ар биринин өзүнчө шарттуу белгилери болот, башкача айтканда, ар бир сызык өзүнчө сүрөттөлөт. Мындай үлгү атайын кескич менен көчүрүлөт. Бул үчүн үлгүнүн алдына үлгү толук баткыдай барак кагазды коюп, шарттуу сызыктар боюнча кескич менен түшүрөт. Үлгүнүн жанына тартылган кичине чиймелер боюнча моделдин бардык бөлүктөрү көчүрүлгөндүгүн текшерүү зарыл. Денени ченеп, кыйла так үлгү жасоого болот.

Ченөө адам табигый абалда (адам колун ылдый түшүрүп турган абалда) жүргүзүлөт: бул учурда кийимдин фасонун эске алуу керек. Чен сантиметрлүү тасма менен алынат. Ченөөдө тасманы өтө катуу тартпоо же бош кылбоо керек. Алгач бел сызыгын аныктап алуу талап кылынат, бул үчүн бел кур же тасма менен курчалат. Чен толук өлчөмдө жазылат, бирок чийме жарым өлчөм боюнча түшүрүлөт. Моюн курчамы. Моюн айланта ченелет.Көкүрөк курчамы. Колтук алдынын деңгээлинде көкүрөктүн көтөрүңкү бөлүгү боюнча айланта ченелет. Бел курчамы. Бел сызыгы боюнча ченелет. Жамбаш курчамы. Курсак менен кошо дене айланта ченелет.Шым жамбаш курчамы. Шымдын арткы бүктөмү аркылуу жамбаш айланасы ченелет.Ийин узундугу. Моюндан ийинге чейинки аралык ченелет.

Ой-пикирлер