Кирүү

Кыргыз турмушу

Кыргызда тегирмен чанда болгон. Ун-талкан үчүн көбүнчө жаргылчак колдонгон. Чочко этин жебеген. Че-чек чыкса "улуу тумоо" деп ырым кылып, кара кийик деп доңуздун майын, жаки аюунун этин берген. Насбай аткан, канжа тарткан. Жайдын күнү малдын сүтүнөн баш-ка тамакты, эттен башкасын анчалык керек ылбаган. Сүттөн бүткүл дээрлик тамагын даярдаган. Жылкы сүтүн кымыз кылып, кээде бал кайнатып ичкен. Чекенденин ашынан да бал кайнаткан. Төөнүн сүтүнөн кымыз кыл-ган, жылкы кымызынан арак тартып ичкен. "Төө атасы ойсул ата" деп терисинен кайыш, ултан кылып, жүнүнөн кийим кылган. Төө багуу башка малдай көп мүшкүлдүк бербеген. Ачкалыкка, жумушка башка малдан артыкча чыдамдуу болуп, жети-сегиз күн чөп жебей, суу ичпес-тен чыдаган. Сүттөн болгон бүткүл тамак, арактан башка-сы аял тарабынан иштелген. Жаш балдары жайдын күнү дан жоктугунан жүдөп бара жатса, төрдөгү жер эңгилчек (жер куруту) кууруп, жаргылчакка тартып талкан кы-лып, сүткө, майга көөлөп берген. (Муну мен — тарых жазуучу 1884-жылында Кочкордо жедим). Дан, жер ку-рут жок болсо ышкындын башындагы уругун сүткө са-лып берген. Жөргөмүштү балдарга берип канааттандыр-ган. соода ишин билбестен, соодагер, кызыл кулак деп унатпаган. Кокон заманында кыргыз феодалдарынан соо-да кылганы болгон. Уй, эчки, кой сүтүнөн жуурат, сүзмө, курут, малта, эжигей, быштак нече түрдүү май чыгарыл-ган. Мунун ичинде бал каймак дегени артыкча болуп жана бышкан май даярдалган.

Белек Солтоноев, "Кызыл кыргыз тарыхы"

Ой-пикирлер