Кирүү

Кокон хандыгына чейинки кыргыздардын турмушу

Мен түштүк кыргыздын бул жөнүндө Коконго карап калган эл деп билемин. Ал [эми] түндүк кыргыздын жайын билгенимче жаздым.

XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын башы[нда] ээ болуп турган түндүк кыргыздын жеринин аймагы, уругу жана башчылары мына булар: Жеринин чыгыш жагы: Атбашы, Нарын, Аксай, Ысыккөл. Түндүк жагы: Карабулак, Каштек, Үчалматы, Сарытокум, Иле менен Чүйдүн ортосундагы күнгөй-тескей тоолору. Чокмордун кайкысы, Чүйдүн ары жагындагы Уландын учу, Короготу суусунун Чүйгө куйган жери. Батыш жагы: Олуяата шаары, Талас суусунун батыш жагындагы Кичибуурул, Чоңбуурул тоосу, Терс суусу, Күйүктүн бели, Түлкүбаш тоолору, Чаткал өзөнү. Батыш жагы ушулар. Ушул ортодо кыргыздар жүргөн.

Мен жазган ушул кыргыз жеринин аймагы-чеги.

Казактын ханы Абылай, кол жасак тартып келип, кыргыздын жерин басып кирген. Абылай менен кыргыздын ортосунда кандай чатак, кандай уруш болгонун, жөнүн мен жазган жокмун. Кимдер өлүп, кимдер чабылганын, жана казак-кыргыз эмине деп баштап алып, ортосу уруш-талаш болгонун жазган жокмун. Мен ошол Абылай кыргыздын казактын жер чегинин арасынын ачканынын жаздым. (Мен ошол Абылай кыргыз-казактын жер чегин ажыратып, ачканын жаздым). Мен жазган ушул төмөнкү жерлер -казак-кыргыз Абылайдын алдында чогулуп отуруп, чыбык кыркып, элчилике -ак үйлүүгө киши көчүрүп берип, жер чегин ажыраткан болучу. Ошондо бөлүнгөн жер чекти жаздым.

Муну кыргыздын Абылай менен баш кошкон адам­дары: саруудан -бошмоюн Туума бий, Мама бий, Жамболот баатыр; солтодон -бөлөкбай Кебек бий, Түлөберди бала; сарыбагыштан -Эсенкул баатыр, Атаке баатыр; бугудан -Бирназар; саяктан Качике баатыр, Сейит бий, Келдибек бий аталып -билгеним ушул.

Ушул ортодо түндүк кыргыздар турган.

Элдин турмушу

Көчмөндүү болгон. Тиричилиги, жан-сактоосу мал [менен] болгон. Бакканы: кой, эчки, төө, жылкы -бул малдарды дайыма жазы-кышы чөп чаппай, жайытка баккан, жана бир жерде отуруктуу болбогон, бир жерден бир жерге малдын жайытына карап, көчүп жүргөн. Жазы-кышы жоокерчилик болуп, бирине-бири казак-кыргыз чабышып жүргөн. Алардын ортосу алыс жүрүүчү, наржагы 10 күндүк, бержагы 5 күндүк алыстыкта жүрүшкөн. Ошол себептүү малды күнү-түнү кесек менен кайтарып жүргөн. Кыш болгондо, малды тоого баккан. Элдин сыртынан кароолдоп кайтарып жүргөн баатырлары болгон. Аны чалгынчы дешчү. Бул баатырлардын кайтарган тоолору төмөнкүлөр: Чүй, Талас, Нарын, Ысыккөл тоолору жана жайлоосу Соңкөл, Суусамыр, Кочкор, Жумгал, Арпа болгон. Көктөө-күздөөсү: Чүйдүн наржагы, Иленин бер жагы, Үчалматы, Чүйдүн Таласка чейинки талаасы - ушулар болгон.

Малы - эчки, кой, уй. Короо малдарын түнкүсүн кыз-келиндер үйдүн жанында кайтаруучу. Бекбекей -сексекей деп ырдап отуруучу. Ал ишти бала кезде көрүп калдык. Эл урук-урук, тууган-тууган болуп, жама жүрүшчү. Мисал көрсөткөндө; бир жоо келип калса, солто эли бир азда чогулуп калчу.

Дыйканчылык жайы - таруу, конок айдоочу буруусун менен. Ал буурусунга өгүз кошуучу. Ошон үчүн кош деп атооочу. Чөп айдашчу эмес. [Эгинди] калпака ченеп, табака ченеп, баштыка ченеп себишчү. Таруу-конокту жылда [улам] бир жерге которуп айдашчу. Айдалбаган кур жерге адеп өз-өз сепкен үрөнүнө жараша "бул сеники, бул меники" деп арасын бөлүп коюшчу. Энчик-энчик кылып бөлүп алуучу. Ошону менен кетип калуучу жана эгин айда[л]ган жерге мал, айыл турчу эмес. Ал жерге мыкты ыкчыл, эгиндин жайын жакшы биле турган журт башчылары, баатыр адамдар кароол карап туруучу. Арыгын баштап койгон адамдар баш болуп барып, коломолуу-кол, жасак менен, жарак-жабдык менен барып, арыгын чаап кайтуучу. Сугат убагында чогулуп сугарышчу экен. Бала кезде чалдар айтышчу эле; "ошол калпактап, баштыктап айдаган эгинге тоюп калчу элек" деп. Чалдар айтка-нын уккамын. Таруу бышканда, түгөл мал-жаны ме-нен үстүнө көчүп барышчу. Мына ошондо чогулуп, оруп, ошентип басып алышчу. Ашар кылып, мал менен чо-гулуп, басып алышчу. Ошол эгин алган убакта күздүн башы болуп, бир жагынан ошол жерге кой кыркып, "чечкор" союп - эгин тою, кой союп - кийиз тою деп, кызык тамашалары көп болчу.

Түнкүсүн кур ойнун салып, алты бакан тепчү -селкинчек деп, кыз-келинчек, жигит-балдар. Жабылып тепчү. Акчөлмөк, жоолук таштамай, токмок салды, ырдамай, комуз [кыяк] тартмай, комуз чертмей. Баары чогулуп, чоң дебей, жаш дебей, кары дебей -"шырылдаң" айтмай, чоор тартмай - ар түрдүү тамаша оюн-дардын баарын ошо кырмандын башында жасоочу. Жана, той бермей, аш бермей, баланы отургузмай, өлгөнгө ат чапмай, жана дагы, кийиз басмай, таруу актамай - баарын ошол жерден бүтүрчү экен.

Ошол эгин үстү, көңүл көтөрө турган убактылары экен элдин. Эгинди ороого куюп, ошол жерге [ар] ата уулунан киши чыгарып, бир баатыр адамын башчы кылып, оронун башына кондуруп, көчүп кетишчү экен. Орочулардан кабар алып турушчу.

Тоого кыштаган, эл. Элдин оокат-жайы; күз-кыш ичкени бозо-арак болучу. Аракты бозодон тартчу, кымыздан тартчу. Жылдын 4 мезгили барында тең арак үзүлчү эмес. Жегени эт болчу. Этке таруу салып жиберчү. Буудайды чек аралаш өзбектерден, уйгурлардан сатып алышчу. Жазда сүт, кымыз, жуурат ичишчү. Таруу, конок үзүлчү эмес. Сүттөн май алышчу, курут кылып алышчу, эжигей кайнатып алышчу -ушулардан запас кылып, кийинкиге сактап алышчу.

Талас, Чүй, Үчалматы, Ысыккөл -ушул жерлердин өзөндөрүнүн баарынын жээктери токой болучу. Мисал кылып көрсөткөндө - мына бул Аламүдүн, Аларчага окшогон Чүйдүн өзөндөрү[ндө] бура тарткан арык жок, тик агып отуруп, Чүй суусуна кошулчу. Таласка чейинки туура ылдый аккан өзөндөрдүн бою кырчын талдан куралган токой болучу. Талаалары камыштуу, туура-туура ылдый аккан кара суулар болучу. Жаткан ар кайсы ойгут-ойгут саздар болучу. Чий калың болчу. Илбээсини калың-калың болуп, улар, кекилик, өрдөк-каз, турна-каркыра, тоодак, аккуу, кыргоол, коен -тоо-талааларда жүнүн жешчү. Алгыр илбээсинден -бүркүт, куш, ылаачын, ителги, чүйлү, кыргый, турум-тай болучу. Ошолорду салып, мүнүшкерлик кылышчу. Кыргыздарда атактуу бүркүттөр болучу, атактуу тайгандар болучу, салык кылып - эрдин кунуна, кыздын калыңына жүрө турган. Алгыр куш, алгыр ителгиден чыккан шумкар, алгыр тайган, алгыр бүркүт, жоого жарай турган күлүк ат, атан төө - абдан кымбат болучу экен.

Мына ушинтип, этке бай экен жана аккан суунун баарында балык көп-калың экен жана мал эти, илбээсин эти, талаада жүргөн аң эти, суудагы балык эти болуп, кыргыздар эт-майга биринчи бай экен.

Жазган Алымбеков Тургумбек. 1949-ж. 12. 27.

Ой-пикирлер