Кирүү

Толубай сынчы

ТОЛУБАЙ – сынчы. Элдин тарыхында аты кылымдардан кылымга унутулбай, өмүр жолу, аткарган кызматы, кылган иштери алгач эл арасында аңыз сөз катары тарап, бара-бара легендага айланып кеткен инсандар болот. Алардын айрымдары же бир чоң таланттын, же кадимки адамдардан өзгөчөлөнгөн өнөрлөрү м-н башкаларды айраң-таң калтырган кандайдыр бир касиеттин ээлери болушат. Байыртадан бери келе жаткан элдик ишеним б-ча мындай адамдар төгүн инсандар эмес, аларды кандайдыр бир касиет колдогон, өзгөчө шык-жөндөмдөрдүн ээлери болушкан. Мына ошондой адамдардын катарына акылман-сынчы Толубайды кошууга болот. “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол” деген лакаптын калышы да, алардын өнөрүн жогору баалаган элдин урмат-кадырлоосунан жаралгандыгы шексиз. Жеке кыргыздар эле эмес, түрк тилдүү бир катар элдердин оозеки чыгармаларында легендарлуу сынчы катары Толубайдын ысмы же ага байланышкан кыргыз легенда-уламыштарына абдан окшош, үндөш сюжеттер учурайт. Мис., өзбек, түркмен, казактардын “Короглы” (Көр уулу Султан) эпосторунда жылкычы Толубай, Толубек аттуу персонаж учурайт. Бир кездеги Алтын ордонун (12–14-к.) составында болгон элдердин көбүнүн легенда-уламыштарында жолуккандыгына караганда, Толубай ошол доордо жашаган тарыхый инсан болгон деп болжошко толук негиз бар. Ошондой болсо да анын өмүрү ж-а чыг-лыгы ж-дө бизге тарыхый так маалыматтар жеткен жок. Болгону – эл оозундагы уламыш-легендалар, жөө Кыргыз киночулары да “Толубай сынчы” аттуу мультфильм жаратышыт. Демек, Толубай сынчынын нускалуу өмүрү, үлгү аларлык аткарган иштери бүгүнкү күндө да элдин рух дүйнөсүнө таасир этип, өзүнүн тарыхый жашоосун татыктуу улантууда

Ой-пикирлер