Кирүү

Этносоциология

Этносоциология – коомдун социалдык түзүлүшүн жана анда жашаган элдердеги социалдык өзгөрүүлөрдү, миграцияны, социалдык дифференциацияга дуушар болгон ички үй-бүлөлүк мамилелердин өзгөчөлүктөрүн, ар түрдүү социалдык топтордо тилди пайдалануу тенденцияларын, айылдыктардын жана шаардыктардын салттуу жана азыркы маданиятка болгон карым-катышын, маданияттын бири-бирине тийгизген таасирин, этностук аң-сезимди, этнос аралык мамилелерди үйрөтүүчү илим. Россияда Этносоциология өз алдынча илим катары 20-кылымдын 60-ж-дарынан тартып өнүгө баштаган. Орус окумуштуулары Ю. В. Арутюнян, Л. М. Дробижева, В. С. Кондратьев, А. А. Сусоколов, О.И. Шкаратан, И.С. Кон ж. башкалар Этносоциологиянын өнүгүшүнө белсемдүү салым кошушкан. 20-кылымдын 80-ж-нан Кыргызстанда алгачкы Этносоциологиялык ил. чыг. пайда боло баштайт. Анын өнүгүүсүнө А. А. Асанканов, Г. Б. Исаева, А. Р. Жоошбекова, Б. К. Бектурганова, И. М. Акылбаева жана башкалар салымдарын кошууда.

Ой-пикирлер