Кирүү

Скифтер (Скифы)

Кыргызстандын аймагында да кездешет. Мисалы, алсак, Ивановкадан, Акбешимдин жанынан (Чүй өрөөнү), Акөлөңдөн (Ысыккөл), Чийимташтан (Талас), Саймалыташтан (Ош) табылган. Бул көрүстөндөрдөн жез, алтын, күмүш жасалган идиш-аяктар, карапалар, ар түрдүү кооздук буюмдары табылган. Скифтердин кол өнөрчүлүктө, дыйканчылыкта, аскер ишиндеги жетишкендиктери жергиликтүү элдин тарыхына, маданиятына чоң таасир тийгизген. Скифтердин искусствосу Борб. Азияда жашаган элдердин көркөм өнөр маданиятындагы ажайып өнөрлөрдүн бири. Көптөгөн буюмдар айбанаттар стилинде өтө кызыктуу жасалган. Айбанаттардын (бугу, багыш, тоо теке, куштар) сөлөкөттөрү жана алардын кармашып жаткан учурлары да чагылдырылган. Сүрөттөр алтындан, күмүштөн, темирден жана колодон түрдүү ыкмалар менен жасалып, алардын башаты тотемдик түшүнүктөр аркылуу башталат. Скифтер доорунда жоокерлерге арналган таш балбалдар да өкүм сүргөн.

Ой-пикирлер