Кирүү

Ормон опуза

Ормон опуза

1) Ормонду хан көтөргөндө бугунун бир манабы чакырыкка келбей жатып, үчүнчүдө келгенде Ормон: Те тетиги Ачарстанды (Төрөгелди) оозунан ноктолоп алып жүрбөймүнбү, мойнундагы чынжырын алып коё берсем он эки айры бугу сени Иледен өткөзүп жибербейби, — деп тизесин мыкчып турганда тиги манап олтуралбай тикесинен титиреп турган.

2) Соң Көлдү мурда жайлап жүрүпсүң деп 70 ат алганы жогоруда айтылды.

3) Кытайга (Кашкар) караган чоң багыш, черик кыргыздарынан элчиликке киши келгенде сенин ишенгениң Кашкарбы, сөлпөөр менен ыргыта коёмун деп, тизесин мыкчып алганда алар көп тартуусун берип, ынтымакташып турган.

4) Тынай сарыбагышынан ууру, каракчы көп болуп, жеке Жантайдын тилин албай койгондо, уурумду тыйып бериңиз деп Ысык Көлдө жаткан Ормонду Жантай көчүрүп келип, Боролдойдун үстүнө кондурган түнү тынайдын уурулары келип, бир нече жылкысын уурдап кеткен. Муну угуп, "аттан түшпөстөн туруп, Жантайды аягынан үйүнө кагып жибер, ушул жерге келип дегенде болбогон. Экинчи айтканда аттан ыргып түшүп, чылбырын кармай кирип, тизесин бүкпөстөн туруп, бозону ичип жиберип, Жантайды алып кеткен. Жантай келсе Ормон коюунун чекесинде жүргөн экен. Салам айтса албаган. Экинчи айтканда Ормон: "Ээ Жантай, жай жаткан жеримен тынч койбой көчүрүп келип, ууруңду жаап жибердиң. Сени эмне кылайын, Жантай?" дегенде Жантай: "Ушул ууру телип тентегимди тыйып берер бекен деп сизди көчүрүп келбедимби, өзүм тыя алсам сизге барамбы, тыйып бериңиз" — дегенде Ормон:

— Ээ кеп ушул эмеспи, — деп ууруларды чакыртып, манаптын ууруларын отказ кылып, букарадан болгон, кедейден келген ууруларга бир малга бир тогуз алып, малы жетпесе жакын тууганынан алып, туганынын малы жетпесе кедейдин катын-кызын алган. Катын-кызы жок болсо өздөрүн алып барып кул кылган.
5) Атасы Ниязбектин ашын Ормон берерде Кокондун ханына кырк кыпчак, кырк бычак берсин, атамдын ашына эт тууратамын деп алдырган.

6) Кокон ханынан, Кашкар уругунан элчи келгенде алардын жолунан беш-алты жерден 40-50 жабдыктуу жигиттерди тостуруп, аларды өлтүрөбүз деп кубалатып, эсин эки кылып, Ормондукуна келгенче катуу жүргүзүп, кайта кетерде дагы ошондой эле кылып жөнөткөн.

7) Таластан, бугудан, солтодон, казактан кишилер келип, чоңураак иш болсо алардын көзүнчө Төрөгелди баатырды чакырып, ачууланып, сени дарга асайынбы деп, кара алачыкка камап коюп турган. Төрөгелди өтө баатырлык кылган киши болгондуктан анын баатырлык даңкы ичке-тышка чоң болгон.

Ормон Илеге түшүп, казакты бир жылча сурап, акыры казактар Ормонду талап ала турган болгондо казактын баш көтөргөн жакшыларын чакыртып, алар келбестен мурун 50- 60 жигитке селде ороп, ак кийгизип кылыч байлатып, мылтык асынтып, кучмач ээр токутуп, бир нече атка чатыр, чайдоос арттырып даярдап, бир жылгага жашырып коюп, казактан чакырылган баш кишилери келгенде алар келип, Ормондун айылынын жанына ак чатыр, көк чатыр тиге сала бир-эки селдечен кишисин Ормонго жибергенде, Ормондун жигиттери кирип, бул келген кишилер Кокон ханынын сарбоздору экен, арттан бир-эки күндөн соң бектери менен дагы аскери келет экен, сизге учурашып, ошолордун жайын айтууга уруксат сурап, бир-эки кишиси келип турат дегенде: Ормон "Ээ бул кокондогон кокондукту мен чакырган жок элем го, аларсыз дагы мындагы казак, кыргыздын иши толуп жатат, айтар сөзү болсо кийин айтар", — деп тизесин мыкчып-мыкчып койгондо, казактын манаптары: "Баатыр, биз бул меймандарыбыздын союшун даярдап, эки-үч күндө келели", — деп Ормондон уруксат ала жөнөгөн. Айылдарына барышып, Ормон бизди он кылмайды, Кокондун колу келиптир деп, баары жапырт көчүп, Иленин жакасына түн бою малы менен үркүп кеткенде Ормон кайтадан шашпастан жай көчүп келип жерине конгон.

9) Кененсарыга келгенде анын жиберген кишилеринин көзүнчө Ормон: "Бүгүн тынч жай-жайыңарга жата бергиле. Согушуңарды койгула, эртеге казактын канчасы болсо да тең бөлүп беремин", — деп элди тараткан. Ормондун башка опуза кылган окуулары эң көп. Баарын жазууга мүмкүндүк таппадым.

Ой-пикирлер