Кирүү

Атка мингизүү

Байыртадан бери көчмөндүктө жашоосун өткөргөн кыргыздардын Камбар-Ата пири болгон жьшкы менен байланышкан көптөгөн аңыздары, уламыштары, ыр-дастандары, санжыралары, шаан-шөкөттөрү, ырымдары, салттары бар. Ошонун бири атка алгач мингизүү салты болуп эсептелет. Атасы торт-беш жашка чыккан уулун тайга, кунанга алгач мингизип, тизгин карматып, бабалардын салтын улап, баланын атын карыяга жетелетип, айылды аралаткан.
Ушундан улам кыргыз элинде "ат жалын тартып мингени" деген соз калган. Демек, ушул мезгилден тартып, уул баланын атанын орун басары, келечектеги мал ээси болот деп анын келечегине карата улуулар бата беришип, алкашкан.
Ушул жөрөлгөгө карата айыл-апа, тууган-уругу чогулуп тойлошкон. Акырында атка минген балага бата беришкен. Ошондон тартып оз алдынча тизгин тартып, ат минген уул эр бүлөнүн мүчөсү катары эсептелген.

Ой-пикирлер