Кирүү

Жоолук салынбай эле кой

Жоолук салынбай эле кой. Бул - ургаачылардын сыймыкта-нуучу баш кийими. "Ак жоолук башындан кетпесин" - келин босо-гону аттаары менен кайын энесинин алкоосу. Жоолук-ургаачы­лардын символикалык көрүнүшү. Актыктын, тазалыктын белгиси. Ата-энесинин таалим-тарбиясын талаага таштаган айрымдар каа-да-салтыбызды, үрп-адатыбызды жерип, келиндеринин акжоолу-гун салынтпай таштоолору жана жоолук салса, башын чулгуган-дар кун сайын арбууда.

"Жоолукчан болбо, башың тердеп кетет, илгерки жоруктун азыр эмне кереги бар, дүйнөлүк цивилизацияга жоолукчан ким бармак эле, жоолугунду ташта, кышында тебетей кий, жайкысын шляпа турбай-бы! Кайдагы кемпирлердин, мойсапыттардын жоруктарын туурап". Азыр узун көйнөк кийип, жоолугун ээгине салынгандар жүрүшөт. Андайларды, албетте, мокочодой көрүшөт. "Отсталый" деп, мурун-дарын чүйрүшөт. Арийне ал эми өзүлөрүн карасаң, бука моюн, буу-ра сан, эки эмчеги топудай, эңкейсе, көчүгү сокудай, көчө толтура ургаачылар сын-сыпаты жокжүрүшөт...

Ой-пикирлер