Кирүү

"Өңдү көрсө, жүз таят"

Адамдын бери караса жүзү, өңү көрүнүп турат. Жүз көрүшүү, жүзүң көрсөтпөө, тик карабоо, артын салуу-салбоо сымал салттуу жагдайлар бар. Жүз - пенденин жа­рык маанайы. Ушуга карата да мүнөз, ички дүйнө аныкталат. Бул макалдагы сөздүн мааниси башкага бурулат. Бирөөлөрдүн бирөөлөргө иши түшөт. Айрымдар аласалуу-береселүү болуп да калат. Карыздар оно албай, аны өндүрүү кыйындаган учурлар да бар. Козу бардагы, көзүжоктогу мамилелер бирдей сезилбейт. Адат­та, өңдү көргөндөгү байланыштар бирдей болбойт. Адам жүзүн көрсөткөн соң, береселүү адам тайсалдай түшөт. Берүүгө моюн да сунат. Убарачылыгы бар жерге өзүң барып тындыруу керек. Ken оролу мына ушул тууралуу болуп отурат.

Ой-пикирлер