Кирүү

Акыл карачач

Акыл карачач

Жээренче чечен баласын ээрчитип жолдо келе жа-тып: "Ат жалына казан ас",— деди. Төлөмырза түшө ка-лып, аттын жалына от коюп, өрттөп жиберди. Жээренче чечен: "Ээ, балам, ат жалына казан ас",— деген "кан-жыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли" деген сөз болот",— деди. Дагы бир топ узагандан кийин: "Балам, узун жол-ду кыскарт" — деди. Төлөмырза түшө калып жолду кет-мендеп калды. Жээренче чечен: "Кетмен менен кыскар-та албайсың балам, "узун жолду кыскарт" деген "өткөн-кеткенден кеп сал" деген сөз. Кеп адамга эрмек болот, жолдун кандай өткөнү билинбей калат, узун жолду жүрүштүү ат менен кызык сөз кыскартат",— деди. "Бул боюнча калганда жалгыз уулум Төлөмырзам мырза да болбойт, тукум да болбойт, туяк да болбойт экен, "Аял жакшы болсо, эр жакшы болот, акыл оошот, ырыс жугу-шат" деген эл сөзү бар эмеспи, эл арасынан издеп бир жакшы колукту алып берейин" — деп, жээренче чечен атты келиштире минип, тонду кийип, эл аралап кыз из-дөөгө жөнөдү. (Жомоктон узунду).

Ой-пикирлер