Кирүү

"Жамийла" повестинен. Август түндөрү

"Жамийла" повестинен 1. Август түндөрү

Ошонун эртесинде күндөгүдөй станцияга келип, кашкарайганда кайра айылга жол тарттык. Данияр алдыбызда кетип бара жаткан. Анын таарынчысы, ызасы жазылдыбы биле алган жокпуз. Аны билүү да кыйын эле. Ортобузда эчтеке болбогонсуп, Данияр мурдагыдай эле бир сырдуу, токтоо мүнөз. Болгондо, кечээ ал жаратын аябай эле кокустатып алса керек, демейдегиден катуураак аксап, өзгөчө кап көтөргөндө кыйналып жүрдү. Ал эчтеке дебесе да, ушунун өзү, биз күнөөлүү экенибизди бассактурсак да эске салып, көңүл оорутту: Деги эмнеси болсо да, Данияр бир ооз тамашалап, күлүп койсо, ушуну менен бардыгы өз жайына келип, унутулуп да калат эле.

Жамийла болсо, ал дагы өз намысын бербейт, оюнда эчтеке жоктой сыр алдырбай, күлүмүш болуп, сыртынан жайдары. Ушинткени менен нары жагында капаланып, кайгы чеккени сезилип эле турду.
Мына ушинтип, биз айылга кетип бара жаттык. Чиркин, ошол күнкү түн бөтөнчө жаратылгансып, эң эле көрктүү болду.
Ким билбейт, жайдын толгон кезиндеги август түндөрүн! Асмандагы жылдыздар алыста турганы менен ар бири өңүнө чыгып, алаканга салгандай ар бири өзүнчө нур төгүп, чет четинен бүлбүлдөгөн күмүш кыроо чалып, асмандын тиги каптал, бу капталына жайнап кири жок жадырап карашат.
Жылдыздар ушинтип толгондо, биз капчыгай аралап келе жатканбыз. Аттар салкынданып, үйдү көздөй көңүлдүү жортууда. Араба качыркучур дүңгүрөп, ташка тийген такалардан учкун чагылат. Капчыгайга сырттан келе берген сыдырым талаанын алда кайсы жеринен бүрдөгөн эрмендин кермек ачуу чаңын учуруп, аңызда шамалдап жаткан самандын билинер билинбес коңур жытын лепилдетип, жол катары шыралжын буруксуп, адамды эңгидеңги мас кылгансыйт. Жол үстүнө үңүлгөн аскалар кыйгач көлөкө таштап, нары сайдагы бадалдын арасында Күркүрөө жаны тынбай алдастайт. Тээ артта калган темир жолдо поезддер көпүрөдө нары өтүп, бери өткөн сайын жаңырык ээрчитип, гудокторду алыскаалыска созолонтот.

Ушундай түндө жол жүргөн кандай жакшы! Караңгыда термелген аттардын жондорун карап отурсаң, ушул түнкү дабыштарга кулак салып, ушул түнкү жыттарга мас болсоң кандай жыргал!
Жамийла ошондо менин алдымда кетип бара жаткан. Тизгиндерди бош кою берип, ал эки жагына көз сала, акырын гана кыңылдап ырдамыш болот. Биздин унчукпай, сүйлөбөй келе жатканыбыз анын көңүлүн басынтып жатты. Мен аны билип эле турдум. Чын эле ушундай түндө да унчукпай коюш болобу! Адам деген тилдүү, жандуу болсо, анан табийгаттын ушул көрүнүшүнө жооп бербейби?

2. Сырдуу жана кереметтүү обон
Адегенде Данияр мурункудай эле үнү кысталып батына бербей акырын баштады. Бирок, барабара үнү улам ичтен күч алып, арышын кең таштап, чабыты толгондо, капчыгай ичи баштан аяк жаңырып, алыскы аскалар Даниярдын обонун экиүч кайтара улантып жатты. Анын үнү дагы да чыйралып күчөй берди. Ошондо шаңшып созолонгон үнү гана эмес. Даниярдын обонунда болгон жалын менен чексиз мээрим адамды таң калтырып жакасын карматты. Ушунун өзү эмне экенин, аны эмне деп айтарымды билбедим: ырчынын көмөкөйүнөн чыккан үн элеби, же болбосо андан башка, жүрөктүн өзүнөн оргуп төгүлгөн дагы бир нерсе барбы? Ал өзү эмне, ал эмне адамдын жанын эргитип ойкыялын ойготкон? Азыр да айта албайм.
Атаганат, колдон келсе кагазга жазып отурбай, бул укмуштуу обондун өзүн салып берсем кана!
Анын ыры сөзү жок эле үн менен обон. Андасанда гана бир ооз сөз айтып коюп, анан бир топко чейин жөн эле үн салып демин тартпай безеленет. Деңиздин толкуну удургуп каптагандай төктүрмө обон ташынып, анын сөз айтууга чамасын келтирбей жатты. Бала болуп мен мындайды эч качан угалек элем. Бул бир өзүнчө тубаса үн, тубаса обон. Жүрөгү зор адамдын ойсанаасын, кубанычын, тилегин баяндаган зор обон. Ал кыргызчага, казакчага да окшобойт, бирок тыңшап отурсаң, бул обондо байыртан бир боордош кыргыз менен казактын тандалган төл обондору ширетилип кошулгандай туюлат. Обон, бирде, казактын учкыйыры жок ай талаасындай, кененагымда жайкалып көйкөлсө, бирде кыргыздын зоокалуу тоолорундай, бийик заңгырап көкөлөйт. "Капырай, — деп жаттым мен. — Данияр ушундай экен да? Капырай, анын мындайы кимдин оюнда бар эле?".

Капчыгайды басып өтүп, жолу даңгыр, жайкалган өзөнгө чыкканда, Даниярдын ыры көкүрөк черин жазып, жаңы күч менен талпынды. Өмүрү угуп көрбөгөн кереметтүү обондор, биринебири куюлушуп, биринен бири өтүп алмашууда. Даниярга бүгүн эмне болгонун түшүнбөй жаттым. Так ушул бүгүн, так ушу саатта айкүнү жеткендей, ичтеги бук болуп камалган бардык сырын, байлыгын Данияр мына азыр ачыкка чыгарып, алтын чачыладай төгүп берди. Мына эми гана мен Даниярдын эмне үчүн маңыроо сыяктанып, элге күлкү болуп жүргөнүн, эмне үчүн кечкурунда кароол дөбөгө чыгып барып, өзү жалгыз кыялга батып отурганын, эмне үчүн шаркырап ташынган суунун боюна түнөп жүргөнүн, эмне үчүн кандайдыр угулар угулбас дабыштарды тыңшагансып, ошондо кашы өйдө серпилип, көзү кубанычка толгонун, мына эми гана бир чети түшүнгөнсүдүм. Бул адам, жүрөгүнө чоң сүйүү алып жүргөн адам! Анын бул сүйүүсү, менин оюмча, канчалык ысык көрүп, шыгы түшкөн жалгыз бирөөгө гана арналган сүйүү эмес, кандайдыр андан да зор, андан да алп, турмушжашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөмү жок чоң сүйүү! Көрсө, ал ушул сүйүүнү көкүрөгүнө сактап өчүрбөй, ошону менен жашаган адам экен. Эгерде андай эмес башка болсо, эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз болсо, жаратылыш аны кандай гана таңдайы жок обончу кылбасын, ал азыр минтип ырдай албайт эле.

Даниярдын обону ушул кезде түнкү өзөндүн үстүнөн жайыла каалгып, көзү илинип, мемиреп бара жаткан кең талаанын бешигин алдейлеп терметкендей, алыска жумшак созолонуп, акырындап өчөрүндө жаңыдан безелене үн алып, талыкшып уюган жерди кайра ойготуп, уйкусун ачат. Өзү дем берип, өзү жараткан ырчыны ойгонгон албан талаа кулак салып, тыңшап жатты. Тигине арык бойлой жарданып, орок күткөн эгиндер ай жарыгына күүгүм көлөкө ойнотуп, үстүүстүнөн көлкүлдөп ыргалат. Жолдон окчун жерде эски тегирмендин кыркалакей теректери жалбырак дирилдетип, алда эмнени угузбай шыбырашкансыйт. Суунун аркы маңдайында, белесбелесте кырманчылар от жагышып, эртеңки көжөсүн кайнатууда. Тигине, кимдир бирөө алда кандай иш менен шашылып, кокту бойлой далбалаңдап, кыштакты көздөй чаап бара жатат. Алдыда кыштактын бакдарагы дүпүйүп, андан келген жел эзилип бышкан алманын ширесин, сото кучактап гүлдөгөн жүгөрүнүн балыртаттуу дүмбүл жытына, короолордо жайылган тезектердин жылуу демине аралашып, аңкытат.

Данияр дагы көпкө чейин обон салып, ырдап келди. Чалкыган август түнү аны тыңшап, обонго арбалгандай терең тынчтыкта уюп магдырады. Ал түгүл аттар да арабаларды жай терметип, жай басышты.

Мына ушинтип, адамдын денесин балкыта, толукшуп ырдап келе жаткан Данияр бир убакытта үнүн бийик закымдата келип, ырын чорт токтотту да, аттарга аласала камчы уруп, айдап жөнөдү. Менин оюмда, Жамийла дагы анын артынан түшөт экен деп, тизгиндерин жыйып, алардын соңунан калбай утурламак болдум. Бирок Жамийла козголуп да койгон жок. Башын бир жагына кыйшайткан калыбында терең кыялга чөгүп, нес болгон сыяктуу ошол бойдон былк этпей отура берди. Обондун абада калган учкундары дагы эле көкөлөп жүргөндөй, Жамийла аны сыйкырланып тыңшагансыйт.

Ой-пикирлер