Кирүү

Исхак раззакович раззаков

Исхак раззакович раззаков

Исхакэнеден эрте айрылды. Анын кандайандайын да, өң ажарын да билбей калды. Эсинде жок энеси. Элдин айтымында ай жамал аял болгон дешет. Анын эмне айтып, эмне койгону да эсинде жок. Эне болгон соң айтпай коёбу, айтты да! Айтмак гана түгүл аманэсен чоңойсо экен деп мүнөтүнө миң бир ирет жалынып, эр жетип, адам болсо экен деп кудайдан миң бир ирет тилек тилегендир! Ошенткендир, алардын бир да бири Исхактын эсинде жок. Анткен менен ал атасын жакшы билип калды: тараза бой, нарк билги адам боло турган атасы. Бирок кедейлик кендирин кесип, андан да жесирдиги желкесинен катуу ныгыра басып, мүңкүрөткөнүИсхактынэсинде. Ошондой оор турмуштун запкысынан улам атасы акыры кайтыш болду.

Анда Исхак бар болгону сегиз жашка чыгыпчыгалек бала эле. Кароосуз калган томолой жетим акыры Коросон айлындагы бир адамдын колуна өттү. Кийин гана 1918жылы баккан "атасы" эл кыдырып кайырчылык кылып жүрүшкөндөрүндө бак айтып, Исхак балдар үйүнүн бир кызматкерине жолугуп калды да, анан аны ээрчип барып, Ленинабаддагы балдар үйүнө орношту. Ошерден таалимтарбия алып, ошерден кат сабатын жойду. Кийин балдар үйүндө исхак менен чогуу өскөн курбалы, учурунда Тажикстанда советтикпартиялык кызматтарда иштеген, азыр персоналдык пенсионер Ж. Ж. Салимбаев "Мезгил жана адамдар" деген эскерүүсүндө Исхак Раззакович жөнүндө минтип жазды: "Анда турмуш өтө оор эле. Кийимкечек, тамакаш өтө тартыш болчу. Биз сыяктуу толгон токой томолой жетимдерди жер каратпай багууга канчалык канат кагышпасын баары бир жетимкананын мүмкүнчүлүгү ага жетише албай турган.

Ошентип тукулжураган турмуш бардыгыбыздын кендирибизди кесип жатты. Бирок кара тирик биз дагы ага баш ийип багынып бергенибиз жок. Тирештик. Күрөштүк. Акыры жеңип чыктык. Исхак ошондо эле жүнү тирүү, сөзгө маш, беттегенин бербеген жеткен көк, тапшырылган ишти аягына чыгара иштеген тырышчаак эле. Анан барып турган ак ниет, түз, жолдошко күйүмдүү, бирок өтө принципиалдуу болчу. Калп сүйлөгөндөрдү жининдей жаман көрөр эле, өзү да калп айтуучу эмес. Ар кандай кара ниеттикке, арамзалыкка чыдабай турган. Намыска бек болчу. Ал ошондо эле кандай гана китеп колуна тийбесин (анда китеп тандап окуу деген кайда?) аны күнтүндөп болсо да окуп бүтмөйүнчө бир тынчу эмес. Китеп окуй берип кээде тамакты да унутуп калар эле. Исхактын өзгөлөрдөн артыкча сапаты — эмгекчилдиги боло турган. Эмгек анын нагыз кумары эле.

Ш. Абдылдаев

Ой-пикирлер