Кирүү

Абзий Кадыров. Самап калдык

Киймин карап бап келген,
Биз бүшүркөп аз жерден,
Тостук Кадыр абамды
Келген күнү аскерден.

Жазы тартып далысы
Өзгөрүптүр баарысы.
Аттап араң жеттик биз,
Узарыптыр арышы.

Жайланган соң турабы,
Жайыбызды сурады.
Күрөштүрүп экиден,
Күчүбүздү сынады.

Күндөлүктү текшерди,
Көп сыноодон өткөрдү.
Чыдамкайлык эрдиктен
Айтты далай кептерди.

Гүл кучактап өмүрү
Куунак тартып көңүлү.
Эртең менен таң атпай
Жасап кирет көнүгүү.

Биз да туурап бүгүлсө,
Ээрчий чуркап жүгүрсө,
Таңыркадык, чечинип
Карды этине сүрүнсө...

Жакын нечен коңшунун
Кандырды бейм моокумун.
Жарды четтен майдалап
Жарылбаган отунун.

Солдат кантип чарчасын,
Ийип сыйкыр манчасын.
Телевизор, сааттардын
Жөнгө салды канчасын.

Калган элек достошуп,
Турдук кыйбай топтошуп.
Бүттү эми деп отпускам,
Жөнөп кетти коштошуп.

Өссөк чекти корууну,
Эңсеп күчкө толууну,
Самап калдык биз дагы
Мыкты солдат болууну.

Өссөк чекти корууну,
Эңсеп күчкө толууну.
Самап калдык биз дагы
Мыкты солдат болууну.

Ой-пикирлер