Кирүү

Мидин алыбаев. ыйлабачы

Билесиң го
Кансыз согуш болбосун?!
"Кан"–деп учат,
"Жан"–деп учат коргошун.
Кан майданда
Каза болгон көрүнөт,
Каалап тийген,
Кадыр шерик жолдошуң.
Эрдин эри
Кармашууда тандалат,
Эрлер чыгат,
Эл эрчитип алгалап.
Октор учат, эрегишкен кезекте,
Ажал издеп,
Этек жеңди жалмалап.
Ошол кезде,
Балким бир ок жаңылган...
Кимди билет?
Кимди тандайт?
Ал урган.
Кара кийдиң,
Кайран, эрден айрылып,
Сөгүлчүдөй бүт кайышып кабыргаң.
Кайрат кылчы,
Кара көзүн аарчычы,
Саамайың жый!
Садагасы сабырлан.
Жашык болуш
Жаман адам белгиси.
Күйпөл жүрөк,
Күйүткө бел алдырган.
Ыйлабачы!
Мончок жашың төкпөгүн.
Эмне мынча,
Эзип ичти өрттөдүң?!
Турасың го,
Элестетип, элжиреп,
Коштошордо,
Колуң кысып өпкөнүн!!
Ыйлабачы!
Кара чачың жайбачы,
Кайрат кылчы,
Катуу белиң байлачы.
Кайрылгысыз,
Колдон учкан шумкардын,
Кагылайын,
Кайдан болсун айласы.
Ыйлабачы!
Ирмебечи жашыңды,
Сар оорусуң,
Санааң жаман басыңкы.
Койчу жеңе!
Эрлер учат күрөштө,
Ант да ушул,
Шарт дагы ушул азыркы.
Ырас аяш!
Ичиң бышат жалындап,
Коңултактайт,
Бир капшытың аңылдап.
Бирок ойлон,
Өзүң эстүү адамсың,
Канча ыйласак,
Эми кайдан табылмак.
Дагы ойлончу!
Не болмокпуз, немецке–
Үйдө жатып,
Бак таалайдын,
Баары жогун алдырсак.
Ыйлабачы!
Тырмабачы!
Сулуу беттин анарын,
Кийбе!
Ташта!
Кереги жок каранын.
Жыл оңолот
Кемтик толот,
Жаш кетет,
Жашын тиле
Эмчектеги балаңын.
Тетигине!
"Кек кетирбейм"–дегенсийт,
Дүңгүрөтүп атып жаткан жарагың.
Оң бурулчу!
Карабачы жүгүңдү.
Ыйлабачы
Муңдуу созуп үнүңдү.
Жеңиш тиет,
Эрдин өчүн алабыз:
Каткырасың
Кайра ачасың гүлүңдү.
Тили чыгып,
"Аталаса" каралдың,
Унутулар,
Кан жутканың бүгүнкү.
Ыйлабачы!
Кайгыны ичке батыргын,
Сабыр кылчы,
Айтканын ук акындын:
Коркок бирөө,
Коюнунда жаткыча,
Аты жакшы,
Жесири бол баатырдын.

Ой-пикирлер