Кирүү

Жеңижок (Өтө көкө уулу). Балалык

Кашкардан алган бөзүм бар,
Каалап ойдон чыгарган,
Катуу чыңап сугарган,
Карылар угар сөзүм бар.
Эки кары бөзүм бар,
Эптеп ойдон чыгарган,
Эки жолу сугарган,
Эскилер угар сөзүм бар.
Сары таман күлүктү
Сары аястай суутуп,
Саяпкер тапкөй сынчы өткөн.
Сакалын куудай агартып,
Санат ырды көп ырдап,
Саруу, кушчу элинен
Сартбай, Чонду ырчы өткөн.
Саадагын жанга илбептир,
Сайып дөөлөт жаштыктын,
Сап маанисин билбептир.
Эки жааттап ырдаса,
Элдин баары тек турат.
Эл кыдырып ырдаган,
Эсенаман, Бекмурат,
Эргип ырдап жулунган,
Элге жаккан ырлары
Эсенаман мурунтан.
Ээрге тизгин илбептир.
Эркин дөөлөт жаштыктын
Эч маанисин билбептир.
Эки жашар болгондо,
Энесине эркелеп,
Сыйлап өткөн балалык.
Элде жокту тапкын деп,
Кыйнап өткөн балаык.
Алты жашар болгондо,
Атасына эркелеп,
Ыйлап өткөн балалык.
Айылда жокту тапкын деп,
Кыйнап өткөн балалык.
Ачылып калса аркасы
Айып болуп калат деп,
Ата энесин жетелеп,
Ыйлап өткөн балалык.
Аз ниеттеп ат кармап,
Токубаган балалык.
Алты жашар убакта
Атасы кармап берсе да,
Алда кайда чаркырап,
Аптиек менен куранды
Окубаган балалык.
Айдап жүрсөң көй дөөлөт,
Айры буттуу пендеге,
Балалык башка зор дөөлөт.
Дөөлөт эмей нимине
Он бешке жашың барганда,
Оюнга тойбойт көңүлүң.
Орчун дөөлөт балалык,
Жыйырмага барганда,
Кыйкырып ырдап чыкты эле,
Кызыл чеке, Төрөкул.
Кыйла ырчыдан мыкты эле
Көңүлүнө албаптыр,
Көрүнөө дөөлөт жаштыкты
Көп кыргызга жайбаптыр.
Айткан сөздүн макулу
Ташыбек, Майкөт ырчылар
Казактардын акуну
Асманда булут закымы
Айтаарга сөзүм макулбу.
Ак селдечен Нурмолдо
Ал ичкиликтин акуну.
Капарына албаптыр
Кайран дөөлөт жаштыкты,
Кураштырып ыр кылып,
Калың журтка жайбаптыр.
Азыркы жүргөн ырчылар
Баш аламан майда ырчы.
Маанисин билбейт баарысы
Бийик жаздык баш жакта,
Бир кыялым жаш чакта.
Табыптын колу дарыда,
Бир кыялым карыда.
Оор чоюн кумганда,
Орто жерде турганда.
Оруста болот кызыл бөз,
Оюма түштү ушул сөз.
Түшкөн эмей эмине,
Эркин дөөлөт балалык,
Жык толгону балалык.
Жыйырма бешке барганда,
Жыла басып жүрөсүң,
Жыгыларың билбейсиң,
Жылоовуда балалык.
Отузга жашың барганда.
Оюңда турат балалык.
Оюң менен иш кылсаң,
Колуңда турат балалык.
Отуз бешке барганда,
Омбу-домбу жоргодой,
Кирди-чыкты балалык.
Кыркка жашың барганда,
Кыя салып алдынан,
Жылып өткөн балалык.
Өткөн эмей нимине
Кырда болот кызыл таш,
Кырктын өзү кыйла жаш.
Кыйла да болсо азсынат,
Жаш сынган менен болобу.
Жакшы ат камчы чаптырбайт,
Жакындап жашка кеп айтсаң,
Жаман көрүп жактырбайт,
Өз теңтушуң болбосо,
Келиндерге кеп айтсаң,
Эч убакта эп келбейт.
Ошондо түшөт оюңа,
Төгүлөт шорпо мойнуңа,
Өткөн экен убак деп,
Жатасың тынчып ордуңда.
Чачың буурул болгондо,
Чардап өткөн балалык.
Чаап кетет жолуна,
Чаап кетип калды деп,
Чакырсаң келбейт ордуна,
Эр элүүгө чыкканда,
Эркин дөөлөт балалык.
Кете берет балалык,
Кетип калды жаштык деп,
Кейисең келбейт ордуна.
Алтымышка барганда,
Агарып сакал калганда,
Атаны кайран жаштык деп,
Ар ким кылат арманда.
Кара өзгөй сүйлөп калп айтсаң,
Каражанга күч келет.
Картайганда адамга,
Өлүмдөн кабар үч келет.
Этиң кетип какаят,
Ээктен сакал агарат,
Ал өлүмдүн белгиси.
Эңкейсең белден күч кетет,
Эки колдон иш кетет,
Ооздон отуз эки тиш кетет.

Ой-пикирлер