Кирүү

Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын чыгармачылыгы

Манасыбыз.

Купулуна Кудайдын толгон кыргыз,
Кут даарыган касиетиң ойгон кыргыз.
Тарыхыңды өзүңдү таанып билип,
Ата- салтын антыңдай колдон кыргыз.

Ала тоодой намысы бийик Кыргыз,
Айкөл, аруу дүйнөсү ыйык кыргыз.
Табигаты таасирдүү бейиш жери,
Тарбиялайт дүйнө элин жыйып кыргыз.

Арстанбекова Бүбайша
Талас шаары, "Манас-Ордо"
26-май, 2012ж.

ЫНТЫМАК

Жети дубан биргип ынтымакта,
Адал иштеп,асыл ой бир максатта.
Өлкөбүздүн өнүгүүсүн алга сүрөп,
Ыроолосун Ырыс алды ынтымакка.

жакшы жаман, кыйындыкта бирге болуп,
адамзаттын баалулугун бийик койуп.
Биригели түндүк – түштүк бөлүнбөстөн,
Куттуу кыргыз баласындай ыйык болуп.

Бүт жараны Кыргызстандын ынтымакта,
Баардык улут мекениңди сүйүп сакта.
Сугун арткан ичи бузук арамдардан,
"Чептен эрдин күчү бек"ушул тапта.

ЭРКЕЛЕГИМ КЕЛЕТ МЕНИН.

Багындым мен адамдык сапатыңа,
Бааланбастан баштагыдай адатыма.
Жылдыз сымал жылуулук чачып өткөн,
Мас болупмун мамилеңдин тазасына.

Эркелегим келет cага эркелегим.
Эске түшүп күлгүн кез секелегим
Эстен чыгып жаңы эле таанышканым
Эзилишип эркелегим келет менин.

Эркелегим келет сага эркелегим,
Эсептебей өткөн өмүр мүнөттөрүн
Маани бербей айрыма жашыбызга,
Эзилишип эркелегим келет менин.

17.03.07ж.

ЖАКШЫ ТҮШ.

Жакшы түш көр, түшүңө мен кирейин,
Арзып жазган ырларымды көркөм окуп.
Жөөлүп чык арзуу ырын угуп жатып,
Обон соз ырларыма түштөн чочуп.

Түшүңө эгер кирсе жашыл аалам,
Издегин дербиш болгун аралаган.
Жашыл аалам ичине жашырынып,
Айбы,күнбү, же булут болуп сага барам.

Түшүңө кирген болсо чалкыган көл,
Тереңинен мени издебе суучул болуп.
Жазда келген ак куулардай учуп келип,
Кубуламын ойготомун сага конуп.

Түшүңө кирген болсо көк мелжиген,
Ала-Тоо мөлтүрөгөн муздар тоңуп.
Бүркүтөй учуп жетем деп эңсебе,
Эриймин мен агып түшөм тамчы болуп.

Жакшы түш көр түшүңө мен кирейин,
Моюунуңа асылып эркелейин.
Мөлтүрөп тамчы болуп агып келип,
Суулайын суусап турган ээриндериң
Күндө түш көр түшүңө мен кирейин

17.03.07ж.

ТУУЛГАН ЖЕР.

Туулган жер уча турган канатымсың,
Ырымда ырдап бүткүс санатымсың.
Кокустан сенин көңүлүң ооруп калса,
Жүрөктө дабаа таппас жаратымсың.

Туулган жер менин ыйык мекенимсиң,
Түгөнбөс байлыгымсың, берекемсиң.
Койунуңда термелип тынч уктачуу,
Жомоктогу алтын бешик энекемсиң.

Туулган жер жүрөктөгү тумарымсың,
Сагынычым таркабас кумарымсың.
Ааламды алты айланып чыксам дагы,
Алмашкыс касиеттүү чырагымсың.

17.03.07ж.

СҮЙГӨН ЖАР

Мен сүйбөсөм сен мени сүй сүйгөн жар,
Сүйүүлөргө баш ийбеген кимдер бар.
Аракет кыл, адаштыргын ойлонтуп,
Алың жетсе ак сүйүүңө арбап кал.

Аргасыздан сүйүүгө баш ийдиргин,
Жалооруган көздөрүңө жаш алып.
Мас болоюн сүйүүңдүн Бер шарабын,
Сүрдөнөйүн наристедей такалып.

Касиетин билдиргиниң сүйүүнүн.
Кумар козгоп жан дүйнөнү жыргатып,
Кош булбулдай жарчы болуп сүйүүгө.
Жар салалы "Ак сүйүү" деп ырдашып

БИР ЖАРАЛЫП,
БИР КЕЛЕБИЗ ӨМҮРГӨ

Өмүр кыска көз ирмемдей тез өтөт,
Капа кылып көңүлдөрдү оорутпа.
Колдон келсе өмүр улап күлүп өт,
Көз ирмемдей өмүр гүлүн соолутпа.

Өмүрлөрдү улап турган сыйлашып,
Тирүүлүктүн шаан-шөкөтүн суз кылба.
Эртең эле калган сындуу күн батып,
Өмүр өтсө аттиң дейбиз ыйлашып.

Өмүр кыска, өмүр кыска адамзат,
А, адамзат бары бирдей жаралат.
Аны билбей жакшысың, сен жаман деп,
Урушабыз жүрөктөрдү жаралап.

Ошол кыска көз ирмемдей өмүрдө,
Ойно, күлгүн кир калтырба көңүлгө.
Сый көрсөттүп, сый көргүнүң адамзат,
Бир жаралып, бир келебиз өмүргө.

АК ТАҢДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Жолугушуп тун сүйүүнүн ак таңында,
Жан жыргатып жаз күнүндөй аптабына.
Салкын тартып калбастан ара жолдо,
Калгым келет махаббаттын жаш шаарында.

Эргүү тартып сүйүүнүн шооласындай,
Ээрип, ээрип жибектин шоонасындай.
Эркелешип өтсөм дейм өзүң менен,
Эрте жазда гүлдөгөн жоогазындай.

Кезигишип махаббатын кечтеринде,
Нур тамылжып өзүң өпкөн беттериме.
Көкөлөтүп үнүмдү көк асманга,
Жан дүйнөмдү жалындай өрттөдүң ээ.

Жолугушуп тун сүйүүнүн ак таңында,
Жан жыргатып жаз күнүндөй аптабына.
Салкын тартып калбастан ара жолдо,
Калгым келет махаббаттын жаш шаарында.

СҮРӨТТӨГҮ СУЛУУ КЫЗ АПАМ БЕЛЕҢ?

Сүрөттөгү сулуу кыз апам белең?..
Тал-тал чачың өрүлгөн маңдайыңа.
Жүрөк сыздап ыйлагым келет менин,
Ак чач басып картайып калганыңа.

Апам кеткен кош айтып арабыздан,
Сүрөтүндө кандай жаш көркөм болгон.
Элестетип караймын күндөн күнгө,
Апам турат күлмүңдөп тирүү бойдон.

Айчүрөктөй сулуусуң сүрөттөгү,
Тал чачтарың жер чийип чимирилет.
Аттиъ апа картайып кеттиң беле,
Бизди төрөп, багам деп убайым жеп.

Сүрөттөгү сулуу кыз апам белең,
Тал-тал чачың өрүлгөн маңдайыңа.
Жүрөк сыздап ыйлагым келет менин,
Ак чач басып картайып калганыңа.

Июль. 1992- жыл.

МЕНИН АПАМ

Адамга жашоо берип толгоо тарткан,
Ай, күндөй уул-кызды төрөп баккан.
Балдарым болсо экен бактылуу деп
Күн-түнү уйку көрбөй түйшүк тарткан

Аруузат, ааламдагы асылзаада,
Ай жүздүү кайталангыс менин апам.

Өмүрүн бүтүн арнап уул- кызына
Өчүрбөй өмүр шамын бизге жаккан,
Узак жол сапарларда жүргөнүмдө
Аман жол, ак жол тилеп санаа тарткан.

Аруузат, ааламдагы асылзаада,
Ай жүздүү кайталангыс менин апам.

23/08/2013/

СЫРДУУ СҮЙҮҮ

Издедим аруулукту, тазалыкты,
Канча кыш, жазга айланып саргайды күз.
Дүйнөгө бир жаралчу асылдардай,
Билинбей бирге басып жүрүптүрбүз.

Жанашып бирге басып жүрүптүрбүз,
Жан ээрип тамаша айтып күлүптүрбүз.
Тагдырдын табышмагын таппай туруп,
Тамылжып кош чырактай күйүптүрбүз.

Жарашып жашыл кымкап кийиптирбиз,
Жаштыктын алтын доорун сүрүптүрбүз.
Катылган жүрөктөгү сырга айланып,
Мен сизди, сиз да мени сүйүптүрсүз.

МЕН ЖАЗМЫН

Мен жазмын бүрдөп турган март айында,
Мен жазмын жол бербеймин картаюуга.
Жүдөткөн суук кышты айдап салып,
Жылуулук бере баштайм март айында.

Мен жазмын бүчүр байлап мөмө берчү,
Ак жаандай ак сүйүүсүн төгө келчү.
Мен кызмын кызгалдактуу кызыл талаа,
Жигиттер сүйгөнгө арнап гүлүн терчү.

Мен гүлмүн бүт ааламга жыпар чачкан,
Мен мартмын дүйнө эли майрамдашкан.
Алоолоп сезимдерге от жандырган,
Махаббатмын эркек-аял сайрандашкан.

Ой,..мен жазмын, кызмын, гүлмүн дедим,
Эске албай ата-эненин бар экенин.
Энеси болсом ошол жыргал жаздын,
Жыргаткан жаз "Атасы" сен экенсиң.

04.03.2013 ж.

Ой-пикирлер