Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Бүбүсара

СССРдин эл артисткасы Бүбүсара
Бейшеналиеванын эстелигине

Ойно оркестр,
Күү сайра,
Отуз дайра
Аккан өңдүү бир сайда!
Сен да мезгил,
Сараңдыкты калтырып,
Карылардын жаш курагын бер кайра!
Кечээки жашаң жер кайда?!
Кечээки жорткон жел кайда?!
Бир мүнөткө,
Бир секундга бер кайра!..

Өчкүн чырак,
Тартыл эрте көшөгө!
Жарык берет балерина өзү эле.
Көрүнсө эле көзгө сүртүп кетчүдөй,
Көздөр залда тиктеп калды көшөрө.
А пейилдер,
Ыкыластар алдына
Калгысы бар килем болуп төшөлө...
Ах, келатат,
Сахнанын артынан,
Аткан таңдай жап-жарык бир бешене.

Эмне калды?
Калды эми:
"Биз эркиңде" деш эле.
Балерина жооп берет бий менен.
А бий бышкан эчен жылдык ий менен.
Жазуу барбы, бул кыймылы жазбаган?!
Чийим барбы, бул денеси чийбеген?!
Анын сыйкыр күчүнө;
Сенби?
Менби?
Албы?
Башын ийбеген?!

Ойно орксстр,
Күү сайра!
Жазга кайра кайрылалы күз айда.
Ошол жаздыи бир гүлүндөй жарк этип,
Бийге чыксын Бүбүсара!
Сүйүү берсек,
Эңсөө берсек биз ага,
Бир тамчы бий берсин биздин кусага!

Бийлеп жатат Бүбүсара,
Бир кезекте биз жазгандай баягы.
"Пери экени,
Киши экени туюлбай,
Барып-барып уюп калат куюндай
Кайра жерге тийип-тийбей аягы,
Калкый берет,
Желде жеңил буюмдай...
Анан калат дир-дир этип термелип,
Анда колу–
Каккан канат сермелип..."

Бийлеп жатат Бүбүсара:
Бул–тигиге,
Бул–сага!
А бул болсо–
Сагынч менен кусага!
Кыймыл–музыка,
Дене–музыка,
Бирок бүткөн угууга эмес, көрүүгө.
Биз–коргошун,
Чогулганбыз ушул кечте эрүүгө.

Ойно оркестр,
Чоң-чоң күү!
Ойно оркестр,
"Чолпонду!"
Тигил чолпон чолпон эмес,
Чолпон бу!
Ойно оркестр,
"Аселди!"
Аселиң ким?
А сенби?!
Ал–драма,
Өмүр эмес асемдүү...
Чоң ырахмат, талантыңа, көркүңө,
Көптөй кылып көрсөткөнгө аз элди!

Ойно оркестр,
Күү сайра!
Чымын-куюн бийлеп жатат Бүбүсара...
Бийле, бийле,
Түшсүн өмүр узара.
Кайталансаң миң ирет,
Кангыбыз жок биз ага.
Бийле, бийле Бүбүсара!

Бардык көздөр бийде,
Бардык көңүл бийде.
Эгер бирөө үн катса
Окшойт уруп ийүүгө.

Ойно оркестр,
Күү сайра!
Жок...
Жок...
Чымын-куюн бийлеп жатып Бүбүсара.
Бү-бү-са-ра-а-а-а!
Аа-аа-аа-а!
Жер күңгүрөйт үн сала...

Ой-пикирлер