Абзий Кадыров. Даярбек
Жакшы угат ич десе,
Жаман угат иш десе.
Арзыбаган жумушту,
Араң жасайт күчтөсө.
Ыйлайт отту жак десе,
Туйлайт бала бак десе.
Аш ичкени болбосо,
Үйдө бары жокко эсе.
Кеп жүйөөсүн жактырбай,
Кетет дайнын таптырбай.
Бирок тамак бышканда,
Даяр болот айттырбай.
- Баатырларга ырахмат
- Рамис Рыскулов. Жашоо
- Асан Жакшылыков. Эңсеткен жаз
- Мидин алыбаев. тянь-шань
- Шайлообек Дүйшеев. Чөп чабык
Ой-пикирлер