Олтурган кыз орунун табат
"Олтурган кыз орунун табат". Мунун экинчи мааниси "Таш түшкөн жеринде оор". Сөз күйөөгө чыккан кыздын ошол барган жеринде биротоло бүлө болуп калышы, орун-очок алышы тууралуу болуп жатат. Төрөл-түшүп, ак этек басып, жабуулу кара инген аталышы - кайын журту үчүн да, төркүндөрү үчүн да абийирге эгедер. Кыздын төркүнүнө чыгып келиши, чыгыштык кылышы, эр-ден-эргетийиши, желпинип жүрүшү, ата-энеге аброй алып келбейт. Жер каратып коет.
- Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт
- "Ак ийилип, сынбайт"
- Колу туткак
- Туштугун көрсүн
- Ой-пикир түзүүчүлүк
Ой-пикирлер