Кирүү

Туштугун көрсүн

Туштугун көрсүн.Ал туура эмес адат. Адам мындайда жазга-нын көрот. Мусулманчылыкта айтканда маңдайга жазгандан ашык

чара жок. Анткени менен адамча, өзүнүн маданиятына ала жүрүү-тирүүчүлүктүн зыйнаты. "Заманың түлкү болсо, түлкү бол, зама-ның бөрү болсо, бөрү бол". Бул - арийне түлкүчө шыйпанда, бөрүчө улу, ошол туштугуна карата жамалың бол, өзгөрүп, кубулуп тур, -дегенге барабэр. Алтынга бергис, акылга ченегис, ата-бабалардан коонорбой келе жаткан мурасыбыз, дөөлөтүбүз, таберигибиз, нус-ка-үлгүлөрүбүз бар. Аларды так өзүндөй улай жашообуз маңыздуу болоор. Айрым ата-энелер, ага-туугандар, улуулар заманга шыл-тоолоп, заман ушундай, каалагандай жашасын, туштугуна карата кийинип, ичип-жеп калсын - деген ойдо турушат. Бул идея эмне-лерге алып барууда.

Биринчиден, жаштарыбыз, төтөн, кыз-келиндерибиз бирөөлөрдү тууроодо, таасирденүү, заматта башка ой-пикирге, кулк мүнөзгө ээ болууда.

Экинчиден, үйдөгүлөрдүн багыт алууда эне-ата белок, улан-кыз болок, бири-бирине салт-санаасы, баскан-турганы коошпоодо.

Үчүнчүдөн, улуулар караңгы алар жакында көрү жуук, биз эл аралык маданиятка барабыз.

Ошентип, туштугун корүүдө. Жоон балтыры көрүнүп, абийирин араң жапкан койнок, чучук шым, чулдук тумшук туфлий, кара каш чымчыктанган жуз, ооздо кок түтүн, көкүлдүү жигит, басса-турса орус­ча, англисче, ата-энелерине бир да алымы окшобойт. Кыскасы, биз өзүбүздү кордоп, булгап жатабыз. Бул элибиздин, жерибиздин, ата-бабабыздын шору! Ар-намысы алдыда жүрүүчү журтчулук муну ой-лонууга тийишпиз.

Ой-пикирлер