Кирүү

Мүнөздөмө

Мүнөздөмө – бул мекеме жетекчисинин же коомдук уюмдун атынан кызматкерге берилет жана анын билими, жөндөмдүүлүгү, жалпы тартиптүүлүк, жүрүш-турушу, ишке мамилеси, чеберчилиги мүнөздөлөт. Мүнөздөмө кызматкердин өтүнүчү боюнча же башка мекеме, уюмдун өтүнүчү боюнча берилет. Мүнөздөмө көпчүлүк учурда окуу жайына тапшырууда, кызматка бекитүүдө же чет өлкөлөргө жөнөгөндө кызматкердин абалы менен таанышуу максатында берилет. Мүнөздөмөдө ишмердүүлүк, коомдук милдеттер, кызматкердин жүрүш-турушу, анын жеке кадыр баркы жана кемчиликтери чагылдырылышы керек. Мүнөздөмөнүн мазмуну3 өз ара байланыштагы бөлүктөрдөн турат. Биринчи бөлүктө эмгек ишмердигинин башталышы, иштеги өзгөрүүлөр жөнүндө баяндалат. Экинчи бөлүктө кызматкердин ишке болгон мамилеси, адис катары чеберчилиги жана жөндөмдүүлүгү, дасыгын жогорулатуусу, анын коомдук иштерге катышуусу, анын кызматташтары, жакын адамдар жана эмгек жамааты менен мамилеси, анын сыйлыктары тартип жана административдик жазалары айтылат. Мүнөздөмө А-4 форматындагы бланкка жол-жоболоштурулат.

Үчүнчү бөлүктө мурунку эки бөлүктөн келип чыккандардан жыйынтыкчыгарылатжанамүнөздөмөкандаймаксатмененберилгеникөрсөтүлөт. Бул иш кагазынын аягына уюмдун жетекчиси кол коет, өзүнүн мөөрү менен ырастайт жана өтүнүчү боюнча мүнөздөмө жол-жоболоштурулуп жаткан уюмдун же адамдын дареги көрсөтүлөт. Мүнөздөмө адамдын колуна берилет же почта аркылуужөнөтүлөт. Бул иш кагазы "Өндүрүштүк мүнөздөмө" жана "Мүнөздөмө – жолдомо" болуп эки түргө бөлүнөт. Өндүрүштүк мүнөздөмө – ал жетекчинин атынан жазылат жана анда кызматкердин ишке мамилеси, адамдын мүнөзү жана адамдык, адистик сапаттары көрсөтүлөт. Мүнөздөмө-жолдомо – бул уюм же мекеме тарабынан берилип жамааттын чогулушунда бекитилет. Бул мүнөздөмө башка ишке өткөндө же кызматы жогорулаганда берилет. Бул иш кагазынын аягында чогулуштун болгон убактысы, протоколдун номуру көрсөтүлөтжанажетекчинин колу, мүнөздөмө берилгенкүнжана гербдүү мөөр коюлат.

Мүнөздөмөнүн маалымдаректери төмөнкүлөр:
1. Мүнөздөмө алуучу жөнүндө маалымат:
а) мүнөздөмө алуучунун иш орду (окуу орду);
б) туулган жылы;
в) улуту;
г) билими;
д) аты-жөнү
2. Мүнөздөмөнүн аты.
3. Иш кагазынын тексти.
4. Мекеме жетекчисинин аты-жөнү, кызматы.
5. Мекеме жетекчисинин колу.
6. Берилген күнү.
7. Мөөр.

Ж.Баласагын атындагы
Кыргыз Улуттук университетинин
4-курсунун студенти
Дүйшеев Туратбек
1980-жылы туулган,
улуту – кыргыз

Мүнөздөмө

Дүйшеев Туратбекфилология факультетинде 2000-жылдан бери окуйт. Ал алдына билим алуу максатын коюп өзүн жакшы жагынан көргөзө алды. Ал атайын курстарга, дарстарга, семинардык сабактарга дайыма катышып, өзүнүн теоретикалык билимин тереңдетүү үчүн зор аракет жасап жатат. Студент 2002-жылы Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн илимий конференцияда "Кыргыз элинин жазмасынын тарыхы" темасында атайын билдирүү жасады. Бул билдирүү жогорку деңгээлде жазылып, факультеттин деканы Т.Дүйшеевге алкыш жарыялады. Студент Т.Дүйшеев факультеттин коомдук иштерине жигердүү катышат. Мындан сырткары ЖОЖдор арасындагы "Эне тилим – эне сүтүм" конкурсунунун жигердүү катышуучусу болуп, факультеттин аброюн көтөрүүдө өзүнүн салмактуу салымын кошту.

Ал факультеттин Студенттик кеңешинин төрагасы жана топтун старостасы. Студенттер арасында кадыр-баркка ээ жана башкаларга жардам көрсөтүүгө аракет кылат, аларга камкордук көрөт. Окутуучулар менен сылык, мүнөзү токтоо, тырышчаак жүрүш-турушу менен айырмаланып турат. Бул мүнөздөмө Т.Дүйшеевге Президенттик стипендия алууүчүн конкурска катышуу үчүн берилди.

Факультеттин деканы
педагогика илимдеринин
доктору, профессор (колу) Н.Ишекеев

Катчы (колу) Н.Бакирова
19.10.2004-ж.

Ой-пикирлер



2021-09-30
Пинназар кызы Жазгул
Туура так маалыматтарды жазып отуптур. Автор сонун иш жасаптырсыз дагы коптогон жакшы, керектуу маалымат жазуунузду кутобуз.
2021-01-22
Abdulxakimova
Ma'lumotlar uchun katta raxmat
2021-01-12
Чынгыз
Ото жакшы
2020-12-14
Адинай
Ото сонун толук маалымат берилген мен бул муноздомону коруп чыгып кантип муноздомо жазууну эмнелерди билуу зарыл экендигин тушундум сиздерге ото чон ыраазычылык билдирем дагы да ушундай маалыматтарды киргизе бериниздер 100000000000000 лайк менден
2020-12-13
Асель
Рахмат ото жакшы
2020-11-24
Акимова Ажар
Жакшы Ото совн
2020-10-04
Нурсеит
Ото жакшы