Кирүү

Улуу манасчы Саякбай карала уулуна алкыш

Адамдын жан азыгы болгон жандуу, элестүү көркөм сөздүн, адамды ойго салган, адамга акыл кошкон оозеки "Манас", "Семетей", "Сейтек" делип үч бөлүмдөн турган баатырдык баян ушул улуу манасчы Саякбай Карала уулунан толук жазылып алынды. Бабаларыбыздан бери айтылып келаткан асыл мурасыбыз азыр кагаз бетине түштү. Бирок, "Манас" жеке кыргыз элинин эмес, ал жалпы элдик мурас. Ал азыр "Илияда" менен "Одиссеядай" бүт дүйнөнүн төрт бурчуна тааныла элек. Кат тааныган бардык адам баласынын колуна тие элек. Кан-Теңири чокусу канча бийик болсо да, мурун көргөндүктөн Пушкин менен Лермонтов Казбекке таң калып, аны мурун мактап ырдагандай Улуу Тоо катмарында тарихий себептер менен катылып келген "Манасыбызды" биз бүгүн тигил "Илияда" менен "Одиссеяга" салыштырып, Саякбайдай улуу манасчыбызды Гомерге салыштырып жүрөбүз. Эгерде "Манас" дүнүйө калкына эрте таанылган болсо, анда ал бул кезде өз баасын алмак. О, ушул улуу баян өз көркөмдүк касиетин сактап, элдин бүт тарихин укмуштай баяндаган байыркыны бүгүнкугө таасын жеткизген өз маанисин терең берген салмагы менен башка тилдерде да дал өз күүсү, өз касиети менен бардык элге жеткен биздин "Манас" Алексей Максимович Горький аныктагандай эл баяндарынын деңизи аталып дүйнөгө таанылган кезде улуу эпостун тарихи, анын жаралышы, анын көркөмдүк күчү, анын мааниси өзүнчө илимий изилдөөнү талап кылып, адабий мурастарды изилдөө илиминин жаңы жээгин ачуусуна ишенебиз! Эмесе, ушул улуу мурасыбызды укумдан тукумга берип келаткан алп манасчылардын арбактарына баш ийип туруп, алардын эң кенжеси, биздин замандын улуу манасчысы Саякбай Карала уулу биздин Гомер болсо, Гомер өз кезинде дал ушул биздин Саякбай Карала уулундай болгон деймин! Элдердин өлбөс-өчпөс улуу мурастарын сактап беришкен ушул улуу адамдарга алкыш!

Улуу манасчы Саякбай карала уулуна алкыш

Ой-пикирлер