Кирүү

Кыш айы

Келе жаткан биз жакка жолун аппак,
Келиштирип кийинген тонун аппак.
Келе берсин токочтуу берекелер,
Кебезге окшоп былбылдап колуң аппак.

Бөбөктөргө арнаган чанасы аппак.
Балпандатып ээрчиткен баласы аппак.

Бардык сулуу көздөрдү чакыргансыйт.
Бак аягы көз жеткис талаасы аппак.

Мезгилдерден мен сүйгөн ынагымсың,
Мен мен деп төш урган убагым чын.
Келген сайын ыр менен тоссом дагы,
Келе жатат түгөнбөй уламышым.

Эргүү менен акындар кышты тостук,
Эки тилдүү ушакка мушту тостук.
Берекенди бере бер улуу элге,
Бак артынган ак пейил Кутту тостук.

Токуш Чолпонбаев

Ой-пикирлер