Кирүү

Бирин-бири уруп ойноосу

Бирин-бири уруп ойноосу. Адепти башынан сактообуз зарыл. Элден бирөөлөр таалимдүү-тарбиялуу кеп тизгинин чоюп жатканда же санжыра чечүүдө, жалжактап күлүп, чымчышуу, бирдемелерди ыргытып ойноо аркылуу кеп-сезго конок бербөөбүз - бул да уят. Мындай жорук көргөнү-өскөнү жаманга барып такалат. Алар кээде топурак менен, кээде кар менен уруусу - оюнду олдоксон ойноосу. Бирөөлөрдүн талуу, катуу жерине коюп, оюндан отчыгарып кетүүсү. Албетте, андай кополдук - асылкечтик же көңүлдү ачуучулук эмес. Көпчүлүккө, көбүнчө карыларга серт көрүнүүчүлүк.
"Жийделүү-Булак, Арашан, Жийдеси чыгат жанаша. Жийдеси менен бир уруп, Жеңемди кылам тамаша".
Женеси - ал экинчи энеси. Балдарына чоң эне. Агасын сыйлоо-
су эмес, бул "жаман бала энесин кечукке тээп ойноого" барабар.

Ой-пикирлер