Кирүү

Нике кайыптын дагы бир бөтөнчөлүктөрү

Нике кайыптын дагы бир бөтөнчөлүктөрү. Адатта, кыргыз жесирин кайдыгер жерге калтырбаган. Төрөп түшүп турган зайып ту-кумду өстүрүүчү болот. Андайларды ата-баба, ага-туугандар ардак-таган. Ал энелердин башын ачып, энчисин берип, төркүн-төстөрүнө аткарып жиберчү эмес.
Биринчиден, андай зайыптарды ошол жакын туугандарынын бирөөсүнө баш байлоо кылуучу. Себеби, кадимкидей калыңтөлөп ап-ган ургаачысы, кантсе да ал үйдүн түбөлүктүү бүлөсү болуп саналган.
Экинчиден, эгер алуучулардын шарты болбосо, ал зайыпты даарат алуучу кумганына, уйду шыпыруучу шыпыргысына да "нике кыйган". Демек, мында зайып төркүндөрүнө кетүү тууралуу шарт кое албаган.

Үчүнчүдөн, балакатка жете элек кайнилерине да нике жаңырт-кан. Ал чоңойгондо аял кылып алуусу тийиш болгон. Антиш үчүн баланы зайып чоңойткон, койнуна алып жаткан, уктап калса төшөгүнө жеткирген... Кыскасы, бул жакшы ургаачыны кетирбей алып калуу-нун айла-амалы болгон...

Ой-пикирлер