Кирүү

Автандил Арабаев. Алгачкы махабаттан калган арман

Алма бак айылдагы эсиӊдеби?
Махабат баянына күбө болгон,
Ажайып алтын күздүн кечиндеги,
Cөзүӊчү – "Сүйөм!" деген – күүгө толгон?

…Оо, анда алмалардын өӊү жанып,
Буркурап жыты чыгып турган кези.
Бүт аалам кулпургандай бир башкача
Жаштыктын ал не деген укмуш кечи!

Олтурсак, олтуралбай толкунданып,
Аптыгып сөздү айталбай оюмдагы.
Атыӊды араӊ айтам, үнүм чыкпай,
Калтырайт сунган гүлүм колумдагы.

Алып учат алда-кайда сезимдер,
Токтоналбай, тургандай жолдо тайкы.
Туйлап жүрөк, ички дүйнөм эзилет,
Кубанаарым билбеймин – тартам кайгы.

Сүйүү деген ушундай сыноо беле?
Кантип аны башкалар татты экен?
Биз элеби, же баардыгы тегиз эле
Баш ийип, бул сезимге жатты бекен?

Улам жөлөп ээгиӊди, көзүӊ карайм,
Катылгандай сезимдин жообу анда.
Алтыным, не кылаарым билбей калам,
Уялып жер тиктесеӊ – куруп айла...

Көп турдук, көпкө турдук, үн-сөзү жок,
Айталбадым сырыны кептин ачып.
Үзүлүп үмүт деген кетээринде
"Сүйөм!" деп, – шарт бурулуп, кеттиӊ басып.

Эх, байкуш, сөзгө чоркок, мокок белем,
Кууп жетип, бактымды мен кучактабай.
Мукактанып курулай калбайт элем,
Кылганымда аракет кылчактабай...

Ой-пикирлер