Кирүү

Райкан Шүкүрбеков. Тоо эчки

Улагын тоо эчкинин мерген атты,
Күлүк ок жаш улакты тырпыратты.
Энеси кылчаң-кылчаң артын карап,
Зыркырап ичи күйүп бара жатты.
Кабагын бекем түйүп кеги бардай,
Тиштенип мерген карайт эчки жакты.
Түбүнө бир арчанын тура калып,
Тоо эчки мөлтүлдөтүп төктү жашты.
Диркиреп жалбыракка жаан болуп,
Байкуштун желининен сүтү да акты.

Кетпеймин кең Ала-Тоо качып сенден,
Жамандык кимиң көрдүң кана менден?
Колхоздон койчу сурап жалкыттымбы?
Мынчалык не кегиң бар айтчы мерген?
Биз деле Ала-Тоонун малыбыз го.
Жайылып аскаларда күнүн көргөн,
Тоо эчки көбөйөбү, тоо ташынан,
Тентектер кырып турса тууган төлдөн,
Дегендей тоо эчкинин акты жашы,
Сүйөнүп куу арчага муңдуу башы.

Ой-пикирлер