Анатай Өмүрканов. Айылдык келиндер
Кимдер мындай көзгө сүйкүм сезилмек?!
Кечке чейин талаада иштеп безилдеп.
Келер менен үй жумушун бүтүрүп,
Этеги элек, жеңи желек лепилдеп.
Улууларды, карыларды барк алып,
Урмат менен, ызаат менен жалтанып.
Айлымдагы Апа көргөн келиндер
Салт келатпай келатышат салтты алып.
- Табылды Муканов. Реквием
- Ж. Боконбаевдин котормолору - Шота Руставелиден
- Карагул ботом
- Сүйүнбай Эралиев. Ой багыты
- Молдо кылыч шамыркан уулу. буудайык
Ой-пикирлер