Кирүү

Алдей, алдей ак бөбөк эй

Алдей, алдей ак бөбөк эй
Ак бешикке жат бөбөк эй
Энең келет жумуштан эй
Уйку даамын тат бөбөк ай
Өлай, өлай бөбөк жан эй
Ыйлабачы ай садага ай
Алдей, алдей бөбөк жан эй
Ыйлабачы ай садагаң ай
Өлай, өлай, өлай ай
Өлай бала өлай ай
Өйдө тартса өбөгүм эй
Ылдый бассам жөлөгүм эй
Айланайын бөбөгүм эй
Өлай, өлай бөбөгүм эй
Ыйлабачы садага эй
Бактылуу күндө төрөлдүң эй
Өлай, өлай ак бешик эй
Тегеренип кетейин эй
Улуу күндүн улугу эй
Кечириңдин шыргыйы эй
Кимдин уулу болду экен.
Апасынын алдында
Атасынын жонунда
Конуп турган кыргыйым эй
Өлай, өлай, өлай эй.
Мен жаш тилек ойлоном,
Өнөрлүүдөн болууга,
Капка коргон чебиндей,
Калың мекен тобуна.Каалагандай заманда,
Канат болор этегим,
Көптү билип көп көрүп,
Далай ишти өткөрүп.
Жыргал жаштык кезегим,
Партиябыз барында,
Улуу заман таңында,
Самаганга жетемин.

Ой-пикирлер