Жыгаччылык өнөр жайы
Жыгаччылык өнөр жайы-токой өнөр жайынын жыгачты механикалык жана химиялык иштетүү жана кайра иштеп чыгаруу, түрдүү жыгач материалдарын өндүрүү үчүн сырье катары пайдалануучу тармагы. Жыгаччылык өнөр жайы тилинген материалдарды, фанера, тактай, устун, курулушка керектүү буюм, автомобиль, авиация кеме, айыл чарба машинасын ж.б. курууда даяр тетиктерди, ширенке, мебель, жыгач идишин, текстиль өндүрүшүнө керектүү жабдык, бут кийим калыбын, аппарат, прибор жана аспап үчүн куту, лыжа ж.б. спорт шаймандарын чыгарат. Жыгаччылык өнөр жайы кустарлык жана кол өнөрчүлүк катары байыртадан эле белгилүү. Жыгаччылык өнөр жай ишканалары өлкөнүн бардык аймагында жайгаштырылган. Кыргызстанда үй куруу комбинаттары, "Кыргызмебель" фирмасы ж.б. бар. Тактай жана фанера чыгаруучу ишканалар көбүнчө карагай даярдоочу райондордо орун алган, өлкөдө жыгаччылык өнөр жай өндүрүшүн комбинациялоо жана адистештирүү кеңири таралууда. Жыгаччылык өнөр жайы Польша, Румыния, Чехославакия, Венгрия ж.б. өлкөлөрдө тез өнүгүүдө. Швеция, Финляндия, Норвегия,ГДР жана Францияда да жыгаччылык өнөр жайы жакшы жолго коюлган.
- Эрмитаж музейине 235 жыл
- "Манас" жана кыргыз искусствосу
- Турганбай Садыков
- Гапар Айтиев
- Фотомонтаж деген эмне?