Кирүү

Жер семирткич

Жер семирткич -топурак күрдүүлүгүн жогорулатып, өсүмдүктүн азыктанышын жакшыртуу үчүн колдонулуучу органикалык жана минер заттар. Жер семирткичти пайдалануунун негизинде топуракта өсүмдүккө керектүү азык зат топтолуп, өсүмдүктүн түшүмү арбыйт жана сапаты жогорулайт. Жер семирткичти колдонуунун деңгээли - өсүмдүк өстүрүүчүлүктү ургаалдаштыруунун башкы көрсөткүчтөрүнүн бири.

Жер семирткичтин натыйжалуулугу анын касиетине, өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө, топурактагы азык заттарды керектешине жана алардын сиңимдүүлүгүнө жараша болот. Өсүмдүктүн азыктануу режимине түздөн түз таасирин тийгизген (азот, фосфор, калий, микроэлементтер) жана топурактын күрдүүлүгүн арттырып, азык заттардын өсүмдүккө сиңимдүү түргө тез айланышына көмөкчү болуп, кыйыр таасир тийгизген (гипс, аки таш) жер семирткичке бөлүнөт. Курамына жараша - органикалык, минералдык, органикалык-минералдык жана бактериялык; даярдалышына жараша - жергиликтүү, өнөр жайлык жана өнөр жай калдыктарына бөлүнөт.

Органикалык жер семирткич (кык, чыла, компост, чым көң, куш кыгы, көк чөп, булганыч суулардын тунмасы, булгаары жана тамак-аш өнөр жай калдыктары) ССРБ де кеңири колдонулуп, талаага жылына, 1,2 миллиард тоннага жакын чачылат. Минералдык жер семирткич катуу (күкүм жана бүртүкчө түрүндө) жана суюк жер семирткичке бөлүнөт. Катуу минералдык жер семирткичке азоттуу (аммиак селитрасы, аммоний сульфаты, мочевина, натрий селитрасы жана башка ), фосфорлуу (жөнөкөй жана кош суперфосфат, преципитат, сөөк уну, фосфорит уну жана башка ), комплекстүү (калий селитрасы, аммофос, аммофосфат жана башка ) жана микро-жер семирткичтер (бор, молибден, жез жер семирткич жана башка ) кирет.

1985-жылы Кыргызстанда 280,5 миң тонна минералдык жер семирткич даярдалган (100% азык затка эсептегенде). Суюк жер семирткич (аммиак суусу, суюк аммиак жана башка ), курамында органикалык жана минералдык заттары бар жер семирткич же гумин жер семирткичтери да чыгарылууда. Бактерия жер семирткичи кеңири керектелүүдө жер семирткич күкүм, бүртүк, эритинди түрүндө топурак, өсүмдүк, үрөнгө чачылат. Жер семирткич колдонуу системасы же чарбада жер семирткич колдонуунун көп жылдык планы агрохимиялык анализ жана көп жылдык тажрыйбанын негизинде түзүлөт.

Жер семирткич аныктоо

Жер семирткич аныктоо - жер семирткичтин түрүн жана курамын, анын касиетин көрсөткөн жөнөкөй реакциялар менен аныктоо. Жер семирткичтин этикеткасы же башка документи жоголуп кетип, анын сырткы көрүнүшү боюнча аныктоо мүмкүн болбогон учурда жер семирткич аныктоо жүргүзүлөт. Жер семирткич аныктоодо дистирленген суу, хлордуу барийдин 2-5% дуу эритмеси, азот кычкыл күмүштүн 1-2% дуу эритмеси, жегичтин (КОН же 1аОН) 8-10% дуу эритмеси, туз же уксус кычкылынын 1 % дуу эритмеси, ошондой эле пробиркалар, штатив жана башка реактивдер менен идиштер найдаланылат.

Жер семирткич колдонуу системасы

Жер семирткич колдонуу системасы - жер семирткич түрүн, айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонуу өлчөмүн, мезгилин, ыкмасын эске алуу менен жер семирткичтерди илимий негизде пайдалануу пландаштырылган чарбалык-уюштуруу, агрохимиялык, агротехникалык иш-чаралар комплекси. Ал өсүмдүктөрдүн биологиялык өзгөчөлүгүн, пландаштырылган түшүмдүн өлчөмүн, топурак жана аба ырайынын шартын, жер семирткичтердин түрүн жана талаанын өзгөчөлүктөрүн, которуштуруп айдоо мезгилиндеги азык заттардын балансын, жер семирткичтин түшүмдүн сапатына тийгизген таасирин жана топурак күрдүүлүгүн жогорулатуусун эске алуу менен түзүлөт.

Жер семирткич колдонуу системасынын бирден-бир шарты - анын экономикалык натыйжалуулугу. Милдеттери: айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардан мыкты сапаттагы продукция алуу; ар башка талаанын топурагынын күрдүүлүгүн жогорулатуу, аларды акырындык менен бири-бирине теңөө. Чарбалардын адистешүүсүнө жараша жер семирткич колдонуу системасынын үч түрү болушу мүмкүн: кык минералдык, кык, минералдык. Которуштуруп айдоодогу жер семирткич колдонуу системасы жалпы дыйканчылык системасынын составдуу бөлүгү болуп эсептелет.

Жер семирткич пайдалануу

Жер семирткич пайдалануу - жер семирткич - эгилме өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу каражаты. Жер семирткичти туура пайдалануу - айыл чарба өндүрүшүн ургаалдаштыруунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Биздин өлкөнүн топурак-климат шартына жараша жер семирткич пайдалануунун натыйжалуулугу ар түрдүү. Минерал жер семирткич чымдуу күл топуракта, токой боз топурагында жана шакарсыз кара топуракта көбүрөөк натыйжа берет. Кара топуракта фосфор, жеңил топуракта калий жер семирткичтеринин таасири күчөйт.

Кадимки, коңур жана түштүк кара топуракта ным жетишсиздигинен жер семирткич пайдалануунун натыйжалуулугу төмөндөйт. Мындай топуракта калий жер семирткичине караганда фосфор жер семирткичи жакшы натыйжа берет. Жер семирткич пайдалануунун натыйжалуулугуна айдоо аянтынын структурасы да таасирин тийгизет. Дан эгиндери көп эгилген жерге фосфор жер семирткичин, картошка, кант кызылчасы көп эгилген аянтка калий жер семирткичтерин көп чачуу керек. ССРБ де жер семирткич пайдалануу улам көбөйүүдө. Минералдык жер семирткичти кык жана башка органикалык жер семирткич менен туура айкалыштырып пайдалануу зарыл.

Кычкыл топуракта жер семирткичти натыйжалуу пайдалануунун негизги шарты - аны акилөө. Жер семирткич пайдалануунун талаптары: 1) талаа тажрыйбасынын, агрохимиялык анализдин жыйынтыгын эске алуу менен жер семирткичтин нормасын жана башкалары менен туура айкалышын илимий негизде тандап алуу; 2) жер семирткич чачуунун өндүрүмдүү жана натыйжалуу ыкмасын жана мөөнөтүн колдонуу; 3) жер семирткичти башка агротехникалык чаралар менен туура айкалыштыруу; 4) эгилме өсүмдүктөрдүн жер семирткичти жакшы сиңирген жогорку түшүмдүү 58% артель, 42% ын Ж- ш. түзгөн. Дыйкан чарбасынын 68,5% коллективдештирилип, аларга айдоо аянтынын 77,8% караган.

Ой-пикирлер