Жаныбар деген эмне
Жаныбарлар - организмдер дүйнөсүндөгү негизги топтордун бири. Алар - гетеротрофтуу организмдер: даяр органикалык заттар менен азыктанышат. Жаныбарлар зат алмашуусунун активдүүлүгү, ошондой эле эволюция процессинде булчуң, тамак сиңирүү, дем алуу, бөлүп чыгаруу, кан айлануу сыяктуу орган системаларынын калыптанышы менен өзгөчөлөнөт. Жаныбарлар мындан 1 -1,5 миллиард жылдай мурда өтө майда клеткалардан пайда болгон деп болжолдонот.
Жаныбарлар жүздөгөн миллион жылдар бою жаралып, ар кандай шарттардын өзгөрүшүнө ылайыкталып, андай өзгөрүштөргө туруштук бере албагандары өлүп жок болгон. Кургакта жашоочу жаныбарлар деңизде жана тузсуз сууларда жашоочу жаныбарлардан келип чыккан. Жаныбарлардын ортосунда өз ара татаал байланыштар бар. Азыктануусу боюнча жаныбарлар өсүмдүк жечүлөр (уй, кой, жылкы, бугу, чычкан, ошондой эле көпөлөк, аары сыяктуу көптөгөн курт-кумурска жана башка), башка жаныбарларды жегичтер (жырткычтар), бардыгын жегичтер, башкача айтканда жаныбарларды да, өсүмдүктү да (чочко, айрым куштар - тоңкулдак, кашка чымчык, таранчы жана башка ) жегичтерге бөлүнөт.
Жеген өсүмдүк, жаныбарлар түрүнө карата монофагдар менен полифагдарга айырмаланат. Монофагдар өсүмдүк же жаныбарлардын бир гана түрүн жейт. Мисалы, филлоксера жүзүм бити жүзүм менен гана азыктанат. Полифагдар жаныбарлардын же өсүмдүктүн бир нече түрү менен азыктанат. Мисалы, жүгөрүчү күрөң калдыркан 160 ка, кадимки момолой 100 гө жакын өсүмдүк түрүн жейт. Мите жаныбарлар башка жаныбарлардын денесинде жашап, аларды азык жана жашоо чөйрөсү катары пайдаланат. Жаныбарлар адамга зор пайда келтирет.
Алар - негизинен айыл чарбачылык мааниси бар жаныбарлар. Айыл чарбачылык маанидеги жаныбарлар: уй, кой, жылкы, чочко, буйвол, бугу, коён, атайын фермаларда өстүрүлүүчү тоок, өрдөк, каз, күрп жана башкалар, көлмөлөрдө өстүрүлүүчү балык, бал аарысы, жибек көпөлөгү жана башкалар, чарбачылык жаныбарларга негизинен жапайы сүт эмүүчүлөр, куш жана балык кирет. Жаныбарлар дүйнөсү эң эле ар түрдүү, алардын 1,5-2 миллиондон ашык түрү белгилүү. Бирок жаныбарлар дүйнөсү толугу менен аныкталып бүтө элек, көбүнчө жалпы жаныбарлардын 2/3 ден көбүрөөк бөлүгүн түзгөн курт-кумурскалардын жаңы түрлөрү аныкталууда.
Жаныбарлар бир клеткалууларга (жөнөкөйлөр) жана көп клеткалууларга (калган бардыгы) бөлүнөт. Ошондой эле бардык жаныбарлар дүйнөсү омурткалууларга (оймок ооздуулар, балыктар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр, куштар, сүт эмүүчүлөр), омурткасыздарга (бардык калган жаныбарлар ) айырмаланат. Жаныбарлар дене түзүлүшү, окшоштук белгилери боюнча систематикалык категорияларга, алардын эң ириси типтерге бөлүнөт. Кабыл алынган системага байланыштуу жаныбарлардын 10 дон 33 кө чейинки (кээде 16-25) тиби айырмаланат. Негизги типтердин кээ бирлери төмөнкүлөр. Жөнөкөйлөр - бир клеткалуу, микроскопиялык майда жаныбарлар.
- Ветеринария хирургиясы
- Амин кислоталары
- Гигрограф аспабы
- Бюджеттен финансылоо
- Кыргызстан зоналык машина сыноо станциясы