Жамгыр
Жамгыр, жаан-суу тамчысы (диаметри 0,5 миллиметр) түрүндөгү жаан-чачын. Ак жаан жана кара жаанга бөлүнөт. Орто Азиянын түздүк жана тоо этектеринде жамгыр жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; жамгырлуу күндөр кар жааган күндөрдөн 2-3 эсе көптүк кылат. Жамгыр март-апрелде көп, июль-августта аз жаайт. Орто Азияда жылына 30-40 күн жамгыр жаайт.
Чөлдүү жерлерде - Ысык-Көл өрөөнүнүн батышында жана башка жерлерде жамгыр өтө аз жаайт. Апрель - майда жааган жамгыр топурактагы нымды арттырып, себилген үрөндүн өнүп чыгышына жакшы шарт түзөт. Жамгыр аба, топурак муздак кезде жааса, өсүмдүк тамырын чиритип жибериши мүмкүн. Кыска мөөнөттүү чагылгандуу жамгыр апрель-майда топурак картын пайда кылышы ыктымал. Оруп-жыюу башталган кезде жамгыр техниканы пайдаланууга тоскоол болот.
- Кетмен шайманы
- Көп жылдык өсүмдүктөр
- Кесиптик-техникалык окуу жайы
- Кесип айкалыштыруу
- Күн өтүү жана ысык оору